Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Кыргызстандагы диний кырдаалга мамлекеттик көзөмөл күчөтүлөт


Бүгүн «Хаят» мейманканасында диний мыйзамдарды өркүндөтүүгө байланыштуу конференция болуп өттү. Анда сөз сүйлөгөн мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров диний багыттагы мыйзамдарды иретке келтирүү зарылдыгын белгиледи. Конференцияда мыйзамдык базанын чабалдыгы диний экстремизмге каршы натыйжалуу күрөшүүгө жолтоо болуп жатканы айтылып, жаңыдан пайда болгон диний топторду каттоо боюнча атайын комиссия түзүү, мыйзамдарды бекемдөө сунушталды.

XS
SM
MD
LG