Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

Ирандын өзөктүк маселеси БУУнун Коопсуздук Кеңешинде каралат


Ирандын өзөктүк маселеси кайрадан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде каралат. Мындай чечим Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө-өлкөлөр менен Германиянын тышкы иштер министрлеринин Париждеги жыйынында кабыл алынды. АКШнын БУУдагы өкүлү Жон Болтондун маалыматы боюнча Иран маселеси Коопсуздук Кеңеште кийинки аптанын башында каралашы ыктымал. Буга чейин Коопсуздук Кеңеш Тегерандан анын өзөктүк маселесин жөнгө салуу боюнча эл аралык коомчулуктун сунуштарына карата жообун тездетүүнү талап кылган.

XS
SM
MD
LG