Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

ТОҢ РАЙОНУНУН ТУРГУНДАРЫ СУУ ТҮТҮКТӨРҮН МЫЙЗАМСЫЗ САТУУГА КАРШЫ ЧЫГЫШТЫ


13-июлдан баштап Тоң районунун үч айылынын тургундары Балыкчы-Торугарт жолунун 25-чакырымына Кыргызстандын желегин орнотуп, бозүй тигип алып жер алдындагы суу түтүктөрдү кайтарууга алды. Алардын талабы - суу түтүктөрүн мыйзамсыз сатууга бөгөт коюп, бул мүлктү айыл өкмөттүн карамагына алуу.

Союз убагында Тоң районунун Кызыломпол айылына мөмө жемиш өстүрүү чарбасы уюшулуп, 120дан ашык социалдык объектилер салынгандыктан ага суу жеткирүү үчүн 11 чакырымдай жерге 720 диаметрлик суу түтүктөрү жер алдына орнотулган экен. Союз ыдыраганда ал жердеги үйлөр бузулуп, 7 гектардай жерге тиккен өрүктөр да куурап, суу түтүктөрү дагы сатыла баштаганда эл нааразылык менен Акүйгө чейин барышкан. Алардын талабы - жер алдындагы түтүктөрдү суу чарба башкармалыгынан айыл өкмөттүн карамагына алуу. Демилгелүү топтун башы Айдар Турсуниязов облустан тендер аркылуу труба сатууга укук алгандардын кагазы мыйзамсыз экендигин төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

- Жолдош Сарыбаев губернатордун орунбасары менен биригип алышып тендер жарыялашкан. Биз адвокат менен сүйлөштүк, бул иштери мыйзамсыз экен. Сарыбаев мамлекеттик мүлк комиссиясына кайрылыш керек экен. Бул мүлктүн баары ошолорго тиешелүү экен. Экинчиден, өкмөттүн чечими болуш керек экен тендер өткөргүлө деген. Биз Конгантиевге бардык, ал орунбасарына бул ишти тапшырды, анын колунда азыр протест турат.

Айдар Турсуниязовдун айтуусунда, жең ичинен сатылып аткан суу түтүктөр Акөлөң, Кызыломпол жана Көкмойнок айылдарынын аймагында тургандыктан ал жергиликтүү элдин мүлкү. Ал эми ушул мүлктү айылдын социалдык абалын көтөрүү, кредиттик союз түзүү максаты үчүн айылдык Кеңеште атайын комиссия түзүлгөн. Үч айылда мончо жана өздүк мектеп болбогондуктан түшкөн каражат ушул багытка жумшаларын билдирген комиссиянын башчысы буларды айтты:

- Калган трубалар списаниеге чыкты деп ким алып кетип атат, эсебин алган киши жок. Калган трубаларды комиссия түзүп, өзүбүз алып калабыз. Сатып алгандар акчасын айыл өкмөтүнө өткөрүшү керек. Бул акчаны өндүрүшүбүз керек - деди Рысбек Арыков.

Ортотокой суу сактагычынан ары жол бойлото кыркалай казылган суу түтүктөрүн кайтарууга алган эл мурда турган жүк көтөрүүчү машиналарды жана алардын кароолчуларын сүрүп чыгышты. Эгерде жергиликтүү бийлик тез арада оң жооп бербесе, алар түтүктөрдү өз алдынча сатып башташарын эскертти.

Тоң районунун Акөлөң, Кызыломпол жана Көкмойнок элинин мындай кадамы менен Ысыккөл облусунун жетекчилиги кабардар. Губернатордун орунбасары Калыбек Алышбаевдин айтымында, 2004-жылы бир жарым чакырым түтүктөрдү айыл эли сатып, бирок көрүнүктүү иш бүтүрбөгөндүктөн, калган суу түтүктөрүн сатып, андан алынчу акча каражатын Төртгүл суу сактагычына оңдоого жумшоо тууралуу мыйзамдуу чечим чыккан:

- Губернатор министирликке жана өкмөткө кат жолдоду, Төртгүл суу сактагычынын ремонтуна бизге акча каражатын карап берсеңиздер деп. Ал жерде 8 миңден ашык эл жашайт, ошол элдин огороду Төртгүл суу сактагычынан сугарылат. Министрликте приказ чыккан, анда көрсөтүлгөн облустук суу башкармалыгына ушул жерде турган түтүктөрдү сатып, ошондон түшкөн акча Төртгүл суу сактагычынын ремонтуна жумшалсын деген чечим кабыл алынган.

Калыбек Алышбаевдин айтымында, бул чечим азыркы учурда өкмөттө кайра каралып атат, аны айыл тургундары болсо элдин арызы менен байланыштырууда.

XS
SM
MD
LG