БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Эберт фондунун көмөгү менен «Кыргызстандагы миграция жараяндары» аттуу тегерек үстөл талкуусу өткөнү жатат. Анда ички, тышкы миграциянын себептери, социалдык-экономикалык кесепеттери, эмгек миграциясынын пайда-зыяны талкууланат. Чет өлкөдө жашаган мекендештерди өз каалоосу менен көчүрүү тууралуу Россия президенти Владимир Путиндин жардыгынын Кыргызстандагы миграцияга таасири да башкы маселелердин бири катары талкууланары күтүлүүдө.