Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

САММИТ АЛДЫНДА АКШ, ОРУСИЯ ПРЕЗИДЕНТТЕРИНИН РАСМИЙ СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮ ӨТТҮ


Бүгүн Санкт-Петербург алдындагы Константинов сарайында Орусия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Жорж Буштун ырасмий сүйлөшүүлөрү өттү. Алар эл аралык маселелер, баарынан мурда Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу, Иран, Түндүк Корей, ошондой эле эки тараптык алаканы талкууга алышканы маалым болду. Дагы бир башкы тема – Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп өтүүсү талкууланган. Алдыңкы күнү кечинде эки лидердин бейрасмий жолугушуусу болгон. Бүгүн кечке дейре Владимир Путин «чоң сегиздин» башка лидерлери менен да жолугушту. Атап айтканда Канада жана Жапон премьер-министрлери Стивен Харпер, Дзюнитиро Коидзуми менен баарлашты.

Президенттер Путин менен Буштун сүйлөшүүлөрү болжошкон мөөнөттөн кийин да кыйлага созулган. Агенттиктер жазганга караганда ал жерде Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна өтүшү боюнча жетишкен келишимди президенттер жарыя кылышмак болгон. Бирок, келишимди даярдоодо Маскөө менен Вашингтондун өкүлдөрү документтин кайсы бир беренелери боюнча келише албастыктар бар экендигин белгилешкен. Ошол тоскоол болуп келишимди күзгө дейре кабыл албай кое турууну чечишкен.
Дүйнөлүк соода уюмуна Орусиянын кошулуусу боюнча жүрүп келаткан сүйлөшүүлөр кыйын экенине карабай ал уюмга өтүү далалатын дагы уланта бере тургандыгын президент Путин айтты:

- Биз мындан ары да (документтин үстүнөн – М.М) иштейбиз. Албетте, биз, өнүгүү жолундагы экономикабыздын кызыкчылыгын жактап, дагы да иштейбиз, - деди орусиялык лидер.

Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш болсо журналисттер алдында:

- Мен сүйлөшүүлөрдү адилет жүргүзүп келатабыз деп эсептеймин. Биздин максат – Орусияны Дүйнөлүк соода уюмуна кабыл алдыруу. Сүйлөшүүлөр дагы да уланат , - деди.

Азыркы тушта Дүйнөлүк соода уюмуна 149 мамлекет мүчө. Алардын бири – Кыргызстан. Орусия ири мамлекет болгону менен ал уюмга өтүү үчүн 13 жылдан бери эшик кагып ичке кире албай келет.
Жума күнү президент Жорж Буш Санкт-Петербургга түшүп атып Орусиядагы адам укугунун абалы аны катуу бушайман кыларын билдирген. Ал күнү орусиялык бейөкүммөттүк уюмдардын 16 өкүлүн кабыл алган. Бирок, анализчилер болжолунда Буш кантсе да Путин менен жакшы мамиледе калгысы бар. Ал эми АКШда кыйла коомдук уюмдар, атуулдар азыркы туштагы Орусиядагы демократиянын абалынан чочулоосу уланууда.

Санкт-Петербургда болсо глобалдуулукка каршы күрөшкөндөр агып келүүсүн орусиялык тартип сактоочулар тыйып турат дешет. Аларды четтен чогултуп Киров атындагы стадионго чатыр тигип ошол жерде кармап турушканы айкын болууда. Ар кайсы мамлекеттен келген глобалдуулукка каршы күрөшкөндөр көчөгө чыгып, акция уюштуру үчүн бийликке кайрылышкан, бирок, уруксат ала алышкан эмес. Ал туурасында «Азаттыктын» Петербургдагы кабарчысы Дядин айтат:

-Бул форумдун өкүлдөрү Петербургда көчөлөрдө жүрүш жасоо, митингдер өткөрүү үчүн уруксат сурап 20дан ашуун жолу бийликке арыз менен кайрылышкан. Бирок алар бийликтен арыздарына макул деген жооп ала алган эмес

ИНТЕРФАКС жазганга караганда Санкт-Петербургда ишембиде 500гө чукул глобалдуулукка каршы күрөшкөндөрдүн көчө менен жүрүш жасоосу болгон. Ага 30дай уюм жана кыймылдар өкүлдөрү катышкан.
Кызык жери орусиялык маалымат каражатары, айрыкча сыналгы, үналгылар глобалдуулукка каршы күрөшүүчүлөр тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышууда.

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG