БИШКЕК. Коргоо министрлиги тараткан маалыматка караганда 10 күнгө созулчу бул машыгуу кыргыз куралдуу күчтөрү менен АКШнын Борбордук командачылыгынын ортосундагы эки тараптуу аскердик алакаларды жүргүзүү Планына ылайык уюштурулду. Ага Кыргызстан менен АКШдан сырткары Ооганстандын, Пакистандын, Казакстандын жана Тажикстандын аскерий өкүлдөрү катышууда.