Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

ЖАЛАЛАБАТТА ЖОК КЫЛЫНГАН СОГУШКЕРЛЕР КАЙДАН ЧЫККАН ЖОО?


14-июлда Жалалабадда Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук кызматы биргелешкен операция өткөрүп, анда Өзбек ислам кыймылынын мүчөлөрүнөн турган куралдуу куралдуу топ жок кылынды. Андан кийин түштүк облустарда паспорттук режим киргизилип, көзөмөл иштери күчөтүлдү. Экстремисттерге каршы күрөштө катардагы дин адамдары жабыркаган жокпу? Дегеле 14-июлда өлтүрүлгөндөр чын эле Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрүбү?

Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү 14-июлдагы операцияны ийгиликтүү деп атап, анда өлтүрүлгөндөр 12-майда Кадамжайга кол салгандар менен түздөн-түз байланышы бар, Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрү деген ишеничте. Жок кылынган беш кишинин төртөөсүнүн ким экендиги учурда аныкталды. Алардын кимдигин Улуттук коопсуздук кызматынын өзүн «Кеңешбек Токобаев» деп атаган жооптуу кызматкери мындайча чечмелеп берди:

Закирдинов Нуриддин Жамалдинович, 1977-жылы туулган. Анжиян шаарында жашаган. 154 ст 4 бөлүк боюнча терроризм үчүн издөөдө жүргөн. Бул башка лидерлер, террорчулар менен байланышты камсыз кылуучу. Садыков дегени бар. Ал террорчулук, жалданмалык, конституциялык түзүмдү бузууга аракеттенген деген айыптоолор боюнча издөөдө жүргөн. Экинчиден, Садыков белгилүү террорчу Жумабай Наманганинин оң колу болчу. Андан кийинкиси Абдумажитов Жамалдин, төртүнчүсү Сулайманов Хусан дайыма чогуу жүрүшчү экен. Бешинчиси азыр такталууда.

Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлүнүн айтымына караганда, бул адамдар Ташкент, Бишкек, Оштогу жардырууларга байланыштуу Өзбекстан жана Кыргызстан тартип коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн. 14-июлда болсо Жалалабадда мына ушул куралдуу топ биринчилерден болуп автоматтан ок атып, граната ыргыткандан кийин тартип коргоо органдары чечкиндүү кадамдарга барып, аларды жок кылды.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, кезинде атайын кызматтарда иштеген Алишер Абдымомуновдун пикиринде, жок кылынган адамдардын Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү экенин далилдөө кыйын, ошондуктан аларды колго түшүрүү максатка ылайыктуу болчу:

"Күрөш деген түрдүү болуш керек. Мамлекеттин ортосунда, облустун борборунда бир үйдү аңдып жатып, аларды кармап алса болот эле. Демек, биздин органдардын максаты түшүнүксүз болуп калып жатат. Сөзсүз эле өлтүрүү керек беле? Аларды кармап алып, сурак кылып, көп нерсенин башын ачса болбойт беле?" .

Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Жалалабадда өлтүрүлгөндөр Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрү болуш ыктымалдыгын белгиледи:

"Булардын Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү, же мүчөсү эмес экенин так айта албаймын. Себеби алардын аты-жөнү мага тааныш эмес. Ал эми мен билген жетекчилер алардын арасында жок. Бирок, жакын арада болгон Кыргызстандын тийиштүү органдары, жетекчилери менен сүйлөшүүдө Өзбекстан ислам кыймылынын калдыктары Тажикстандын Согди облусунда, Тавилдари зонасында жайгашканы тууралуу өз маалыматымды берип, согушкерлердин Өзбекстанга өтүүгө аракеттенгенин айтканмын. Өлтүрүлгөндөр ошолордун катарында тургандардан болушу мүмкүн" .

14-июлдагы операциядан кийин Ош, Жалалабад облустарында паспорттук текшерүүлөр жүрүп, жалпы коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул иш чаралардын жүрүшүндө катардагы атуулдардын укугун бузулбашын кепилдөөнү тартип коргоо органдарынан талап кылганын Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу билдирди:

"Жалалбаддагы өкүлчүлүгүмө ички иштер органдары менен тыгыз байланышта болуп, адам укуктарынын сакталышын көзөмөлгө алгыла деген тапшырма бергенмин. Азыр болсо мага маалыматтар түшүп жатат, бир эле согушчандар эмес, намаз окугандарды кармап, үйүн тинтип, камакка алып жатышат деген. Мен бул боюнча Өмүрбек Суваналиев менен сүйлөшүп, адам укуктарын бузууга жол берилбешин эскерттим. Дагы мыйзам чегинде аракеттеримди жасаймын".

Айданбек Акмат уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG