Орусиялык бейпилдик орнотчу күчтөрдү Түштүк Осетия менен Абхазиядан чыгарып кетүүсү боюнча грузиялык парламент ушуну менен үчүнчү жолу токтом кабыл алды дешет. Ошого карабай орусиялык аскерлердин ал жерлерден чыгып кетпегенин ИНТЕРФАКС агенттиги жазат. Алдыңкы күнү кабыл алынган токтом боюнча айтылуу Евгений Примаков: «Грузиянын парламенти мындай токтомду бул жолу сүйлөшүүгө келе жаткан Саакашвилинин сөзүн өтүмдүү кылыш үчүн кабыл алды», - деген.
Анын каршысында бул жолу грузиялык тарап анча камаарабаганын анализчилер белгилешет. «Сүйлөшүү жемиштүү аякташ үчүн кызыктуу сунуштар алып бара жатабыз. Эгерде Маскөө биздин жердин бир бүтүндүгүнө кепилдик берсе анда грузиялык жетекчилик компромисске барат», - деген, маселен, Грузиянын ТИМ жетекчиси Гела Бежуашвили.
Грузиянын президенти Михаил Саакашвили да «Бизге согуш эмес инвестиция керек. Ошол эле учурда жагдайдын ушундай бойдон кала беришине каршыбыз. Бирок маселенин тынчтык жолу менен чечилиши үчүн биз колдон келгендин баарын жасайбыз», - деген.
Анализчилер чөйрөсү Кремлге кантип таасир этүүнүн тетигин грузиялык тарап тапты деп айтышат. Орусияны Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп өтүүсүнө маакулмун деп берген убадасын Тбилисинин кайра чакыртып алышы болду дешет. «Известия» жазганга караганда «Батыш менен Орусиянын ВТО боюнча тил табыша албашы Тбилисини ушундай кадам жасоого үндөгөн».
Грузиялык парламенттин токтомун башка КМШ өлкөлөрү да кайталашы ыктымал деген божомол жайылууда. Маселен, бул күндөрү молдавалык парламент Приднестровьедеги орусиялык бейпилдик орнотуучу күчтөрдү чыгарып кетүүсүн талап кылган токтом кабыл ала тургандыгын айткан.
Бирок орусиялык-грузиялык чатакта Кремл таянган жобо Дагамыс келишими болууда. Ал келишимди КМШнын кеңеши жактырган деген. Ал эми Вена конвенциясына ылайык бейпилдик орнотчу күчтөр ишкердигинде эгерде кол коюшкан тараптардын бир эле тарабы маакул эмес экендигин билдиргенде ошол мүнөтөн тартып келишимдин күчүн жоготору айтылат.
Эмнеси болсо да бүгүн, 21-июлда, Маскөөдө президенттер Михаил Саакашвили менен Владимир Путиндин жолугушуусу өтөрү айтылууда. Грузиянын жеринин бүтүндүгү чечилеби жокпу же чыр дагы да уланабы алдыңкы күнү белгилүү болор.
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы