Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

ЛИЦЕНЗИЯ: КЕЧЭЭ АНГЛИЯДА, БҮГҮН АВСТРИЯДА


20-июлда өкмөт «Жерүй» алтын кенинин лицензиясын австриялык «Глобал Голд» компаниясына берди. Жаңы инвестор жакын арада ишти баштай тургандыгын жарыя кылды. Лицензиясынан ажыраган «Норокс» компаниясы кыргыз өкмөтү менен соттошууда.

Улуубританиялык «Норокс» компаниясынан лицензияны мурдагы кыргыз өкмөтү алып койгон. Бийлик жаңылангандан кийин компания кыйлага чейин лицензиясын кайтарып алуу үмүтүндө жүргөн. Өкмөт лицензияны австриялык компанияга берип, ушу тапта «Норокс» компаниясынын алдында түзүлгөн «Оксус Голд» компаниясы менен соттошууда.

Австриялык компания лицензия колуна тиери менен аялдабай ишке киришерин жарыя кылды.

- Биз үчүн бул лицензия аябай баалуу. Биздин өкмөт менен өлкө алдында убада кылган олуттуу милдеттенмелерибиз бар. Ошон үчүн аялдабай ишти баштасакпы деп турабыз. Белгилүү болгондой, ал жердин шарты катаал, кышкысын иштөө мүмкүн эмес. Убакыт аз калды, октябрда ал жерге кыш түшөт,- деп айтты «Глобал Голд» компаниясынын башкаруучусу Жэк Барбанел.

«Глобал Голд» компаниясынын алдында түзүлгөн «Жерүй алтын» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Рафаэль Филинов конкрет планды кен казылчу жерди көрүп келгенден кийин гана сунуш кыла тургандыгын билдирди.

- Убакты-саатын так көрсөткөн планды айрым бир иш-чараларды жасаган соң, кен чыкчу жерди көрүп келгенден кийин гана сунуш кылабыз.

«Глобал Голд» компаниясынын башкаруучусу Жэк Барбанел, «Оксус Голд» компаниясынын кен иштетчү комбинатка жеткирилген айрым жабдууларын сатып алуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзө тургандыгын маалым кылды. Эгер шарты келишсе австриялыктар «Оксус Голддун» техникалык документтерин сатып алууга да кызыкдар экенин айтышты. Бирок да азырынча эки компания талаштуу маселе боюнча бир пикирге келише элек.

«Кыргызалтын» акционердик коомунун президенти Алмазбек Жакыпов быйыл апрель айында «Глобал Голд» компаниясы «Оксус Голддун» кен казып алууга жерди даярдоо жумуштарына сарптаган чыгымдарын төлөп берүүгө макул болуп жатканын билдирген. Жэк Барбанел өкмөттүн сунушу боюнча үч ирет британиялык кесиптештери менен жолугушуп, жабдууларды, техникалык негиздемени сатып алуу маселесин козгоп, бирок да кеткен жалпы чыгымдарды төлөп берүү жөнүндө кеп кылышпаганын ырастады.

- Аркыл деңгээлдеги үч жолугушуу Лондондо, Бишкекте өттү. Бирок алардан эч кандай натыйжа чыккан жок ,- дейт Жэк Барбанел.

«Талас Голд Майнинг» акционердик коомунун жетекчи орунбасары Фред Хюстон «Оксус Голд» компаниясы кыргыз өкмөтүн эларалык сотко бергенин маалымдады.

- Биз албетте, ушу азырга чейин ал жерде иштөөгө даярбыз. Бардык маселелерди тынч жол менен чечели дегенбиз. «Оксустун» арызын эларалык сот качан карап, жыйынтыгын кандай чыгарат – ал кыргыз өкмөт менен «Оксустун» ортосундагы иш,- деп айтты Фред Хюстон.

«Кыргызалтын» акционердик коомунун вице-президенти Максат Жээналиев сотко сот менен жооп кылып, кыргыз өкмөтү да «Оксус Голд» компаниясын эларалык сотко бергенин маалым кылды.

- Өз учурунда өкмөт да «Оксусту» сотко берип жатат. Алардын бири-бирине койгон доолору бирдей эле сумманы түзөт. 150 миллион доллардын тегерегинде. Эми ал сотто каралат.

Ачык тендер жарыялаганча «Жерүй» алтын кенине лицензия берилбешин талап кылып парламент атайын чечим кабыл алган. Бирок да өкмөт өз токтому менен лицензияны австриялык компанияга берди. «Оксус Голд» компаниясы да учурунда ачык тендерсиз, өкмөт токтому менен эле лицензияга ээ болгон.

Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG