Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

ИЗРАИЛ ЛИВАНГА АСКЕР ЖӨНӨТҮҮГӨ КАМЫНУУДА


Израил Ливанды бомбалоону улантып, аймакка жөө аскерлерин жөнөтүүгө даярдана баштады. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушунан улам Бириккен Улуттардын жетектиси Кофи Анан тараптарды дароо элдешүүгө чакырды. Ал эми Кошмо Штаттары аймакка мамлекеттик катчысын жиберүүдө.

Бүгүн эртең менен Израил менен Хезболланын ортосундагы салгылашта Бриккен Улуттардын чек арадагы байкоочулар бекети аткыланды. Израилдин армиясы өз аймагында турган бекетке Хезболлахтын ракетасы тийди деп ырастады, бирок БУУнун өкүлү Израилдин Коргонуу күчтөрү аткылаганын билдирүүдө. Бекет катуу талкаланды, бирок эч ким жапа чеккен жок.

Израилдин аскерлери Ливанды Сирия менен бириктирген башкы чоң жолду аткылап, жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп кеткенде, өлкөнүн эң узун көпүрөсү кыйрап калды. Түндүк Ливанда эки тикучма кагылышып, бир офицер набыт болгонун Израил тарап билдирди. Ал эми арабча чыгуучу "Ал-Жазээра" булагын тактабастан, төрт аскер набыт болду деп кабарлады.

Кечээ БУУнун баш катчысы Ливанда гуманитардык крисиз тереңдеп жаткандыгын эскерткен эле. Бүгүн Франциянын тышкы иштер министри Филип Дуст-Блази Ливанга абадан жана кемелер менен чукул жардам жиберип жаткандыгын кулак кагыш кылып, атайын коопсуздук тилкесин ачып берүүнү суранды. Израилден жооп көпкө күттүргөн жок:

– Израилдин тышкы иштер министринин маалымат катчысы Марк Регев бүгүн Ройтерске өкмөт башчысы Олмерттин көрсөтмөсүнө ылайык, Кипр менен Ливандын ортосунда эл аралык жардам жектирүүчү коридор ачылаарын бышыктады.

Тогуз күн мурда башталган согуш аракеттеринде Ливан тараптан 319, Израилден 39 киши курман болду. Израил Ливандын түштүгүнө жөө аскерлерин жана танктарын жиберүүгө даярданып жаткан чакта, Ливан атуулдары түндүккө, баш калаа Бейрутка агылууда. Жөө калгандар таксиге 400 доллардан, адаттагыдан 40 эсе ашык төлөшүүдө. Порттон чет элдиктерди эвакуациялоого жиберилген кемелер тынымсыз каттап жатат. Тамак-аштын, дары-дармектин, күйүүчү майдын баасы айрым аймактарда 500 пайызга көтөрүлүп кетти. Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы Ливанда азык-түлүктүн запасы ашык кетсе үч айга жетээрин эскертүүдө.

Ал эми каршыккан тараптардан эч кимиси эпке келе турган түрү жок. Хезболланын лидери Хасан Насралла шейк израилдик эки аскерди эч качан бошотпой тургандыгын айтууда. Анын айтымында, согуштун тутанышына алып келген барымта кризиси туткундарды алмашуу жолу менен гана чечилиши мүмкүн.

Ал эми Ливанга ичкери карай чабуулга даярданып жаткан Израилдин армиясы Ливандын түштүгүнө радиодон Хезболланын ракеталык чабуулун отоктотуу үчүн "дароо аракеттенүүгө" даяр тургандыгын кабарлады.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG