Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

МИЛИЦИЯ КҮЧӨТҮЛГӨН РЕЖИМДЕ ИШТЕП ЖАТКАНЫНАН КООПТОНУУГА НЕГИЗ ЖОК


25-июлдан бери Бишкек шаарынын ички иштер кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Ордо калаанын милиция жетекчилиги мындай кырдаалды өлкөнүн түштүгүндөгү акыркы күндөрдө диний экстремисттик жана террористтик күчтөрдүн пайда болушу жана анын кесепетинен келип чыккан коопсуз жагдайларды алдын алуу менен байланыштырууда. Биринчи кезекте, шаар тургундарынын жана меймандарынын тынчтыгын сактоого багытталганын айтышат.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын тараткан маалыматына караганда 25-июлдан Бишкек шаарына кире бериши деп эсептелген жерлерге милициянын 10 блок посту орнотулду. Ал жерлерде автоинспекция кызматкеринен сырткары куралчан милиция кызматкерлери күнү-түнү кызмат өтөшмөкчү. Борборго кирген ар бир автоунаа текшерүүгө алынып, адамдардын коопсуздугу үчүн кошумча текшерүүлөр жүргүзүлмөкчү. Мындай иш чаралар Ош, Жалалабат облустарында диний экстремизм жана терроризмге байланышкан күчтөрдүн пайда болушу менен байланыштуу. Алардын терс аракеттерин алдын алуу жана шаар тургундарынын жана меймандарынын коопсуздугу үчүн жүргүзүлүп жатканын айтат Бишкек ички иштер башкармалыгы.

- «Хизб ут-Тахрир» деген жана башка сакалчандар көбөйүп кетпедиби. Жалалабаттагы жардыруу, андан мурдагы Баткендеги окуяларды билебиз. Ошондой окуяларды учкундары бул жакка жетип калбасын, болтурбоо, алдын алууга көрүлгөн чаралар болуп эсептелет,- дейт Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынынын начальнигинин кеңешчиси Мелис Арыпбек уулу.

Шаар милициясынын мындай күчөтүлгөн аракеттерин шаар тургундары жана меймандары кандай кабыл алып жатканын билүү үчүн Бишкек көчөлөрүнөн сурамжылоо жүргүздүк:

- Эми тынчтык болуш үчүн кайтарганы жакшы эле.

-Мен Балыкчыдан келдим коркпой-үркпөй эле эркин басып жүрөм.

-Тартип сактаса милициянын турганы жакшы эле.

-У нас пока атмосфера нормально!

-Эми милиция да өзүнүн закону менен иштесе туура, анан кээде посто турганда башка иштерди жасап коюп атпайбы..

-Текшерип автомат менен жүргөнү туура эмес, бирок милициянын болгону туура.

-Азыр дайыма жаныбызга паспорт көтөрүп калдык…


Шаардык милиция башкармасынан атын атабоону суранган кызматкеринин айтымында, бул милиция үчүн кадимки иш күнү. Кечээтен бери одоно мыйзам бузган же шектүү деп кармалган адамдар болгон жок. Шаар тургундары эч нерседен кооптонбой эле тынч жашай берсе болот деген ишенимин билдирди:

- Андай элу дуулдата турган эч нерсе жок, абал кудайга шүгүр тынч. Ортодо дуултаткан эле өзүбүз.

Эскерте кетүүчү жагдай өлкөнүн түштүк борбору – Ош шаарында ушундай күчөтүлгөн режимдин натыйжасында 25-июл күнү Өзбекстан Республикасынын атуулу Бекмурат Каримов 2 граната менен колго түшкөн. Оперативдүү маалыматтарга таянсак ал террордук уюм катары таанылган Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү экендиги айтылууда. Азыр анын Кыргызстандын аймагында болгон кылмыштуу көрүнүштөр менен байланышы иликтөөгө алынып жатат.

Бакыт Орунбеков, Бишкек

XS
SM
MD
LG