Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

ЭСКИ КАДРЛАР ЖАҢЫ СҮРӨТТӨРДҮ ТАРТА АЛЫШПАЙТ


Президент Курманбек Бакиевдин өткөн жуманын акырындагы кадрлык дайындоолору коомчулуктун талкуусуна алына баштады. Акаевдин доорунда эл арасында начар пикирлерди жаратып келген жогорку тепкичтеги чиновниктердин Акүйгө кайтып келиши азыркы мамлекет башчынын оппоненттеринин таң калуусун жаратып, жаңы бийликтин кадр тандоодо дагы эле болсо коррупциядан арыла албагандыгы жана жаңыча кадам шилтөөгө кудуретсиз экендиги айтылууда.

Президент Курманбек Бакиевдин акыркы кадрлык дайындоолору кайрадан сынга кабылууда. Прокурорлор Курмантай Абдиев экинчи жолу баш прокурордун орун басары, Абибилла Абдугапаровдун президент администрациясынын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчылыгы ээрине, мурдагы бийлик тушунда Администация башчысы, эсептөө палатасынын жетекчиси, Иранда элчи, акыркы жылы Акаев менен байланышкан 420 миң доллар акчага тиешеси бар деп соттук териштирүүдө жүргөн Медет Садыркуловдун Акүйдүн алтынчы кабатына кайтып келип, кадр маселесин биринчи электен өткөрө турган бакандай кызматка отурушу коомчулуктун терс жагына бүйүрүн кызытып жатканын баамдоого болот.

Акаедин доорунда коомчулук арасында начар пикирлерди жаратып келген жогорку тепкичтеги чиновниктердин Акүйгө кайтып келиши мамлекет башчынын оппонеттеринин таң калуусун ажаратып, анын кезектеги кемчиликтери, эл башкаргандардын дагы эле болсо коррупциядан арыла албагандыгы, кадр тандоого жаңыча мамиле кылып, чечкиндүү кадам жасоого кудурети жетпегендиги катары сынга алынууда.

«Жарандык коом жана корупцияга каршы күрөш» уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Акаевдин доорундагы кландык, корупциялашкан, чөнтөк кадр саясаты дагы эле уланып жатканын, азыркы мамлекет башчысынын жанында баягы тоталитардык замандагы, эскичил, пенсиядагы атка минерлер кеңеш берип отурганына өкүнгөнүн жашырбайт:


- Жаңы көз караш, жаңы саясат менен келет десек, баягы карта ойногондой эле эски чиновниктер кайра кызматка келип жатканына ушунчалык өкүндүрөт жана таң калтырат, - дейт Төлөйкан Исмаилова.


Албетте азыр Акүйдө отурган көпчүлүк чиновниктер мындай пикирлер менен макул эмес. Кыргызстан чакан өлкө болгондуктан, анын кадрлары да чектелүү. Ошондуктан ар бир кадрга аяр мамиле керек деп эсептешет. Мурдагы бийликтин учурунда кызмат кылган, акаевдин куйругу, коррупционер деп күнөөлө бир жактуу баа берүү, бери дегенде саясий сабатсыздык катары эсептешет. Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Досалы Эсеналиев азыркы бийлик тепкичтерине кайсы учурда иштебесин кызматкердин кесиптик даярдыгы, мамлекеттик иштеги тажрыйбасы, адамгечилиги эске алынуу менен тандалып, дайындалып жатканын айтат:

-
Президенттин кадрды тандоодогу койгон багыты, профессионалдуулук, акыркы дайындалгандар ушунун негизинде койулду,- дейт Досалы Эсеналиев.

Айланган тоонун бүркүтү демекчи экинчи жолу Ак үйгө келип, Администрация башчысынын биринчи орун басарлык кызматына келген Медет Садыркулов мырза өзүн эч убакта коррупцияланган чиновник же Акаедин куйругу катары эсептебейт. Бул убакка чейин кайсы жерде, кандай кызматта иштебесин элине ак, так кызмат өтөп келгенин баса белгилейт. Азыркы президент ишеним көрсөткөндөн кийин мамлекеттик кызматтагы көп жылдык тажрыйбасын, билимин пайдаланып эл үчүн иштеп берүүгө макул болгонун айтат:


- Мен кайсы жерде иштебейин: уюштуруу бөлүмүндө, салык инспекциясында, эсептөө палатасында болсун таза иштедим деп ойлойм. 1999-жылы администрациядан кеткем, анан каяктагы мени Акаевдин куйругу дешет. Ошон үчүн Курманбек Салиевич, ушул кызматка келип иштеп бериңиз дегенинен келе бердим,- дейт Медет Садыркулов.

Бакыт Орунбеков, Бишкек

XS
SM
MD
LG