Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:33

БАШ ПРОКУРОР КАМБАРАЛЫ КОНГАНТИЕВ : АЙЫПТУУЛАР ЖАЗАСЫН АЛАТ


Уюшкан кылмыштуулук менен диний чаарбаштыкка жол бербөө, Орусия менен Казакстандан башпаанек тапкан экс-чиновниктерди кайтарып келүүнүн жолу барбы? Кыргызстандын башкы прокурору Камбаралы Конгантиев «Азаттыктын» кабарчысынын айрым суроолоруна жооп берди.

- Эларалык террорчулар, диний жикчилдер менен күрөш, мына Жалалабаддагы соңку окуя, ушулар тууралуу эмнелерди айта аласыз?

- Биздин укук коргоо органдары экстремисттер, террорчулар менен кандай күрөшүп атканын көрдүңүздөр. Мына Жалалабадда бардыгын жок кылышты. Биз бул ишти дагы күчөтүп жатабыз. Андан тышкары укуктук-мыйзамдык жагын алганда биз жоопкерчилигин күчөтүшүбүз керек экен. Вахабисттер, диний чаарбаштарга каршы күрөштө бизге мыйзамдык жагынан күчөтүү жагы жакшы жетпей жатат. Мыйзам долбоорубуз бар. Депутаттар сентябрда каникулдан келгенден кийин аны кабыл алып беришсе биздин жүргүзчү ишибиз дагы жемиштүү болот эле.

- Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө Кыргызстандын башкы прокуратурасынын өзүнчө бир стратегиялык концепциясы барбы?

- Концепция бар. Ал мурда эле иштелип чыккан. Уюшкан кылмыштуу топтор, өзүңүзгө белгилүү, мына азайып баратат. Өткөндө ички иштер министри М.Суталинов мырза өзү деле бизде бир-эки уюшкан коркунучтуу кылмыш тобу калганын айтпадыбы. Азыр алар менен катуу күрөш жүрүп жатат. Жакын арада жоголот, дебедиби.

- Камбараалы мырза, экс-премьер-министр Николай Танаев Петербургда чоң кызматка дайындалыптыр. Билесиз, ал кишиге каршы кылмыш иши козголгон болчу. Ошондой эле Айдар Акаев, А.Тойгонбаевге каршы кылмыш иштери козголгон. Мына ушул иштердин ахывалы кандай болуп жатат. Сиздер Орусияга кайрылып жатасыздарбы?

- Н.Танаевдин Петербургда чоң кызматка дайындалганын мен азыр сизден угуп жатам. Чынында эле Н.Танаевдин үстүнөн кылмыш иш козголгон. Тергөөнү жыйынтыктап койгонбуз. Анан Н.Танаев ооруп Москвага барам дегенинен биздин биртоп депутаттардын сунушу боюнча биз уруксат бергенбиз. Анан өткөндө телефонограмма жиберген экен. Дарылануум бүткөндөн кийин мен келем деген экен. Ал эми Н.Танаевди биз жоопко тартабыз. Себеби анын кылмыш иши бүт баары аяктап бүтүп калган.

Айдар Акаев боюнча биз Россиянын башкы прокуроруна кайрылдык. Бизде Минск келишими бар. “Ошонун негизинде жардам бергиле, А.Акаевди кармап Кыргызстанга алып келүүгө жардам бергиле” дедик. Айдар Акаевдин үстүнөн да 4 кылмыш иши бар. Эми бүгүнкү күнгө чейин ал сурала элек, келбей жатпайбы. Келип суралса, мыйзамдын чегинде күнөөсү болсо иши сотко өткөрүлүп берилет.

Адил Тойгонбаев боюнча мына биз Казакстандын Башкы прокуроруна кайрылдык. «А.Тойгонбаев Казакстандын жараны болгондуктан Конституция боюнча биз аны бере албайбыз», деген расмий жооп келди. Андан башка дагы В.Носов, Ю.Лысогоров дегендер бар. Ю.Лысогоров жанагы паспорт маселесин ары-бери кылган. В.Носов болсо ГУИНдин мурдагы жетекчиси. Алардын үстүнөн кылмыш иши козголуп тергелип жатат. Алар да шарттан пайдаланып качып кетип калышкан экен. Биз Россиянын башкы прокуроруна кайрылдык. Андан расмий жооп алдык. Анда Ю.Лысогоров Россиянын жараны экен, ал эми В.Носов да Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы келишимге ылайык жарандык алып алыптыр. Кандай чара көрөбүз? Дагы суранабыз. Бербесе, жанагы келшимдин негизинде кылмыш ишин бүтүп анан Россияга жиберебиз. «Сиздер жоопко тарткыла!» дейбиз. Анан жанагы келтирилген зыяндар далилденсе Россия аны төлөп бериши керек. Конвенцияда ушундай норма бар. Биз ушул талапты коебуз.

Ал эми Адил Тойгонбаевди берүүнү сурап мен дагы кайрылганы жатам. Эгер аны беришпесе анын кылмыш ишин мен Казакстанга жиберүүгө аргасыз болом. Аны Казакстандын соту соттош керек. Конвенциянын негизинде Казакстандын жетекчилигине келтирилген зыянды төлөп берүү жөнүндө маселе коебуз.


- Дагы бир суроо. Ошол эле Акаевдердин чет жердеги дүйнө-мүлкү боюнча издөө салчу Либерман мырзага 500 миң доллар төлөп бергенсиздер. Ошонун кайтарымы болуп жатабы?

- Либерман менен келишим мага чейин болгон экен. Мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын жетекчиси болуп а кездеги вице-премьердин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов дайындалган. Ал кезде прокурор А.Бекназаров болчу. Анан ошол кезде Либерман менен келишим түзүшкөн экен. 500 миң долларды прокуратура же мамлекет төлөп берген эмес. Айтуусуна караганда аны Данияр Үсөнов төлөп берген экен. Былтыр октябрь айында прокурор болуп дайындалгандан кийин Либерманды бул жерге чакырттым. «Сиз келишимдин негизинде биз менен иштеп жатыпсыз. Кандай иш жасадыңыз? Кана отчетуңузду бериңиз?» десем ал отчет бере албай койду. Бир да цент кайтарган жок. Анан мага «500 миң долларды Данияр Үсөнов төлөп берген, ошондуктан кайтарыш керек», дегендер болду. Менде алгандыгы тууралуу квитанциясы да жок, эч нерсеси жок. Бир цент да таап бере албагандан кийин мен ага эч нерсе төлөп бере албайм. Эми аны Данияр Үсөнов Либерман экөө чечип алышсын.

- Аксы чатагы боюнча. Камбаралы мырза, сиз аны териштире турган болсок А.Бекназаровдун тергөөчүлүгүнөн баштайбыз деген элеңиз. Иш кандaй жүрүүдө?

- Иш мына тергелип жатат. Мен өткөндө айттым эле, иш беш багыт боюнча тергелет дегем. Аксы окуясы Азимбек Бекназаровдун тегерегинде болду. Убагында ал Токтогул районунда прокуратурада иштеп туруп бир киши өлтүрүү боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан экен. 17-мартта Аксыда болгон окуяда ким күнөөлүү? Окуяны ким баштады? Мыйзамдын чегинде күнөөсү далилдениши керек. Ушул окуяда укук коргоо органдарынын күнөөсү барбы же жокпу? 18-марттагы Кербендеги башаламандыкка ким күнөөлүү? Эки тарапты тең текшерип чыгыш керек болуп жатат. Эл арасында ошол Аксыда ок атууга мына бул Акүйдө отургандар буйрук берген деп жатышпайбы. Мына ошону тактап жатабыз. Беш багыт боюнча иш тергелип жатат. Мына aзыр оперативдик тергөө тобу түзүлүп, алар иштеп жатат. Тергөө жүрүп жатат. Ошондо кимдин күнөөсү бар, муну элге чогуу чыгып ачык айтабыз! Кимдин күнөөсү жок, аны да элге чогуу чыгып ачык айтабыз! Ушундай иштер жүрүп жатат азыр.

- Сизге дагы бир суроо. Мына билесиз, Кыргызстандын коопсуздук кызматы америкалык эки дипломатты чыгарып жиберген эле, ага жооп кылып АКШ да кыргызстандык жарандарды өзүнүн аймагынан чыгарып жибериптир. Дипломатиялык мындай тиреш, кагылыш эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге салакасын тийгизбейби? Дегеним, сиз жетектеген мекеме коопсуздук кызматынын ишин көзөмөлдөөчү орган го.

- Бул жанагы америкалык жарандарды биздин Кыргызстандан кетирүү, америкалыктардын биздин кыргызстандыктарды кетиргендиги, мен айтар элем, бардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Мага белгилүү болгону бул, жанагы америкалык жарандар биздин Кыргызстанда туруп биздин мыйзамдарды одоно түрдө бузгандыгы үчүн четтетилген.

Маектешкен Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG