Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12

Украин президенти мурдагы атаандашын премьер- министрликке көргөзүүнү чечти


Виктор Ющенко президенттик шайлоо боюнча өзүнүн мурдагы атаандашы, орусиячыл Региондор партиясынын лидери Виктор Янкуковичти премьер- министрликке көргөзө турганын бүгүн таңга маал жасаган телекайрылуусунда билдирди.

Украин президенти бул маселени чечүүсүнө Конституцияда каралган мөнөөт өткөн түнү аяктаганы себеп болду. Виктор Януковичтин талапкерлигин премьер – министрликке сунуштабаган шартта, ал быйыл мартта шайланган Жогорку Раданы таратышы керек эле.

Ющенконун айтымында, Янукович "Улуттук биримдиктин универсалы" деп аталган декларацияны колдоого макул болду. Расмий түрдө бүгүн кол коюлары күтүлүп жаткан документ президеттин Батышка интеграциялануу жана базар экономикасына негизделген экономикалык реформаларды жүргүзүүгө багытталган саясатын сактоону карайт.

Янкукович өзүнүн Региондор жана Социалисттер жана Коммунисттик партиялардан турган парламенттик көпчүлүк колдогон коалициялык өкмөттү башкарары күтүлүүдө. Президент Ющенконун аны премьер- министрликке көргөзүү жөнүндөгү чечими өлкөдө парламенттик шайлоодон кийин төрт айга уланган саясий кризисти жөнгө салууга багытталган.

XS
SM
MD
LG