Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:52

Ооган согушкерлерине карата эч кандай кетенчиктөө болбойт


Ооганстандын келечегине балта чабууга аракеттенип жаткан козголоңчуларга карата эч кандай кетенчиктөө болбосун НАТОнун башкатчысы Яаап де Хооп Схеффер билдирди. Кечээ Ооганстандын Кандагар провинциясындагы кол салуудан Канаданын төрт аскери мерт болгон эле. Муну менен НАТО ушул апта башында өлкөнүн түштүгүндөгү коопсуздук операциясына командачылык кылууну АКШ баштаган коалициядан өткөрүп алгандан бери жети аскерин жоготуп олтурат. Кечээ Кандагарда жанкечти айдаган автоунан жарылуусунан кеминде жөн-жай 21 тургундун өмүрү кыйылды.

Ал эми түштүктөгү провинциялардын бири- Гильмендде өкмөттүк күчтөр НАТО авиациясынын колдоосу астында талибердерге каршы операция өткөрүүдө. Кечээ 10 согушкер жок кылынган.

XS
SM
MD
LG