Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

БУУнун РЕЗОЛЮЦИЯСЫН ЛИВАН ЧЕТКЕ КАГУУДА


Жакынкы Чыгыштагы кан төгүүнү токтотуу боюнча БУУнун резолюциясын Израил жактады. Бирок Ливан бийлиги өз аймагынан израилдик аскерлердин дароо чыгарылышын талап кылууда.

Ливан бийлиги бул резолюция согуш отун дароо өчүрүп, израилдик аскерлердин тез арада чыгып кетишин шарттай албагандыгына кабатыр. Ливан өкмөтүнүн өкүлү, хезболлачылардын жактоочусу, министр Мухаммед Фаниш израил аскерлери Ливандын аймагынан чыгып кетмейин, согушту токтотуу тууралуу бир да сунушту кабыл албайбыз деп билдирди.

Израил бийлиги болсо БУУ резолюциясын жактырган менен ок атууну дароо токтотпосун ишаара кылууда. Израилдин Юстиция министри Хаим Римон резолюция кабыл алынгандан кийин деле Израилдин куралдуу күчтөрү хезболлачыларга каршы аскерий операцияны уланта беришээрин, көп улуттуу бейпилдик күчтөр келгиче Түштүк Ливандын чектеш аймагында кала беришерин билдирди.

-Бул резолюция Израил аскерлерин Ливандан толук чыгарып кетет дегенди түшүндүрбөйт. Ал зордук-зомбулукту токтотууну көздөйт. Бул резолюция жөнжай тургундарды бейпайга салган тынымсыз чабуулдарды, аткылоолорду жана узак мөөнөттүү аскерий операциялардын тамырын кыркууга багытталган,- дейт АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс.

Ливан өкмөтү болсо бул резолюцияга израилдик аскерлердин Ливандан дароо чыгарылышы тууралуу атайын пункт киргизүүнү талап кылууда. Ишембиде Бейруттун бул сунушун талкуулап, БУУнун туруктуу мүчөлөрү бир пикирге келе алышкан жок.

Аңгыча эки тараптан тең ракеталар жаап, кан төгүү уланууда. Израил эртеден бери Бейрутту бомбалоону улантып, Ливан бийлиги билдиргенге караганда, бүгүнкү жардыруулардан эле 11 адам каза тапты. Израил Хезболланын Кана шаарында жайгашкан ракеталык базасын атып жоготту. Хезболлачылар бир күн мурда ал жерден израилдин Хайфа шаарын соккуга алышкан. Хайфанын 3 тургуну набыт кетип, 160 адам оор жараат алышкан. Ушул түнкү салгылашта Израилдин төрт аскери окко учканы да кабарланууда. Акыр күн куру эмес эки тарап тең оор жоготууларга учурап келет.

Ливандын тынч тургундары БУУнун резолюциясына чоң үмүт артышкан. Бирок тил табышуу болбой атканын угуп, кейип турушат.

-Америка менен Франция ок атууну токтотууга багытталган сунуш иштеп чыгышыптыр деп уктук. Бирок Ливан бийлиги макул болбой атыптыр. Мен аябай каалайт элем, ага баары макул болушсунчу, менин үй-бүлөөм үчүн макул болушсунчу,- дейт Бейруттун бир жашоочусу.

Ливан бийлиги четке кагып аткан менен БУУда бул резолюция Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды акыр жөнгө салат деген пикирлер да айтылды.

- Ливан өкмөтү жана жалпы эле араб дүйнөсү бул долбоорду өтө кылдаттык менен окуп чыгышаар деп үмүттөнүү керек. Окуп чыгышса бул жерде Ливандын кызыкчылыгы көбүрөөк экенин, эң башкысы согуштук аракеттерди таптакыр токтотууга чакырык жатканын түшүнүшөт, - дейт Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин.

Жекшемби күнү Бейрутта Араб мамлекеттердин лигасына кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери шашылыш чогулду. Алар Ливандан Израил аскерлерин тез арада чыгарууну талап кылган документке кол койгону жатышат.

Чолпон Орзобекова

XS
SM
MD
LG