Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

МУФТИЙ МУРАТАЛЫ ЖУМАНОВДУ УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫ СУРАККА АЛГАН ЭМЕС


6-августта Улуттук коопсуздук кызматы менен «Өзбекстан ислам кыймылынын» мүчөлөрү делген адамдардын ортосунда атышуу болгон эле. Каза болгондордун арасында Карасуу шаарындагы мечиттин имамы Мухаматрафик Камалов да бар болуп чыкты. Анын сөөгүн коюуга Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Мураталы ажы Жуманов да катышкан эле. Айрым интернет баракчалардын маалыматы боюнча, сөөк коюуга катышканы барганы үчүн Мураталы ажы Жумановду Улуттук коопсуздук кызматы суракка алган. Бирок, мындай маалыматты Мураталы Жуманов кабарчыбыз Кабыл Макешке берген интервьюсунда төгүнгө чыгарды.

-Мураталы ажы, Ошко барып Камаловдордун үйбүлөөсүнө көңүл айтып, сөөк коюууга катышып келипсиз. Бул үйбүлөө менен кандай байланыштарыңыз бар эле. Ошко кандай максат менен бардыңыз?

-Мухаматрафик карынын өлүмүн угуп, мен мусулман катары, мусулмандардын муфтийи катары жана ал киши ушу күнгө чейин Карасуудагы чоң борбордук мечиттин имамы болуп жүргөн имам катары мен адамкерчилик жолду кармап туугандарына, ата-энесине көңүл айтып, топурак салып келдим. Себеби барбай койсом ушундан дагы айрым адамдар фитина, шылтоо чыгарып муфтий, казылар келген жок дешмек. Мен ушулардын баарын четке кагып, түз ой менен калыс адам катары сөөк коюуу расмисине катышып, көңүл айтып келдим. Андан башка менде максат жок эле. Алардын үйбүлөсү, өзү менен да туугандык, устат-шакирттик жана башка расмий байланыштарым болгон эмес. Жаназасына катыштым, бирок жаназасын өзүнүн уулуна окутушту.

-Сиз Камаловдун сөөгүн коюп жатканда «шейит» деп айтты дешүүдө. Ушунтип айтканыңыз чыңбы?

-Мен Камаловду коюп жатканда акырында дуба берип жаткан учурда «Акыретте ушул кишини кудай шейиттердин катарында баш көтөртсүн!» деп айтканымда көпчүлүк эл ызылдап «аллох акбар» дешип, мага «эмне үчүн шейиттердин катарында болсун дейсиз, бул шейит деп айтыңыз» деп жаалап да жиберишти. Ушундай даражадагы адамдар болгон да. «Шейиттердин катарында дебеңиз, сиз ката айтып жатасыз. Шейит деп айтыңыз» деп мени да мажбурлаганга барышты. Мен аларга өзүмдүн сөзүмдү диндин негизинде айттым. Мейли шейит өкүмү, бирок шейит кылуу кудайдын гана колунда. Шейит болуунун түрлөрү жана жолдору көп. Алардын артында кала берген адамдар «шейит болду, кала берсе шейит кут болсун! шейит мубарак болсун!» деп куттук да айтып жатышты. Ошондуктан бул өтө оор кыйын маселе. Өлгөн адамдын артынан андай- мындай деп айтуудан алысмын. Кала берсе ал көп жыл имам киши эле, шейит болдубу же жокпу, күнөө кылдыбы же жокпу ал кудайдын алдында өзү жооп берет. Бул дүйнөдө кылган иштери үчүн тиешелүү органдар бар, алар текшерип, иликтөөгө алышат. Алар өзү чечсин.

-Сиз Ошко барып келгенден кийин «Улуттук коопсуздук кызматы суракка алып жатыптыр» деген маалымат Интернет булактарына чыгып кетти. Ушул маалыматтын чындыгы барбы? Эгерде сурак берип жатсаңыз, эмнелерди сурап жатышат?

-Эми Интернеттеги маалыматтарга мен түшүнбөй калдым. Бул 100 пайыз жалган маалымат. Мен Мухаматрафиктин жаназасына катышканым үчүн эч кимге, Улуттук коопсуздук кызматынын бир дагы кызматкерине сурак бергеним жок. Оштогу окуялар боюнча журналисттер гана маалымат сурап жатышат. Башка бир дагы жан мени эмне үчүн Ошко бардыңыз деп сурап да койгон жок. Мен Улуттук коопсуздук кызматынын иш-аракеттерин жакшы билем, түшүнүү менен мамиле кылам. Алардын бир дагы кызматкери телефон аркылуу да кайрылган жок. Алар менен эч кандай чатагыбыз, келишпестик мамиле жок.

Камаловдун өлүмүнө чейин да, андан кийин дагы сурак бергеним жок. Алардын дагы, биздин дагы максатыбыз элдин тынчтыгы жана ынтымагы. Дагы бир жолу баса белгилеп айтаарым, мен эч кимге сурак бергеним жок, бул жалган маалымат.

- Эми ушул окуядан кийин дагы Фергана өрөөнүндө жаңжал чыгып кетүүсү мүмкүнбү? Өзбек- кыргыз мамилелерине да доо кетиши ыктымалбы?

- Бул Камаловдун өлүмү улут маселесине айланып кетпеши керек. Ага айландырбайбыз, кудай буюрса. Көпчүлүк бул окуяны күчөтүп трагедияга айландырып, эки элдин ортосуна от жакпашы керек. Эл-журт, тийешелүү органдар, өкмөт, мамлекет деген бар, муну улуттук маселеге айландырбайбыз. Ошентсе да «Хизбут-тахри» жана башка диний уюмдар бул окуяны курчутуп, жеке кызыкчылыкка пайдаланып, ар кандай пикирлерди жаратышы да мүмкүн. Анын алдын алышыбыз керек. Анын алдын алуучулар кимдер:биринчи ошол жамаат, эл, мусулмандар, намаз окуп жүргөндөр, анан тийешелүү мамлекеттик органдар алышы зарыл. Мен алдын ала мындай - тигиндей окуя болушу мүмкүн деп айта албайм. Бирок эл-журтка туура жана так маалыматты жеткирип койгон жакшы болот.

XS
SM
MD
LG