Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

КЫРГЫЗСТАН-ӨЗБЕКСТАН : ҮМҮТТҮН ШООЛАСЫ ҮЗҮЛБӨЙТ


Акыркы сегиз жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу мамилелери муздап, мамлекет башчылары расмий сапар менен бири-бирине каттабай калган. Анын бир себебин Акаев менен Каримовдун жеке мамилелеринин начарлыгы менен да байланыштырышат. Кыргызстандын азыркы бийлиги кошуна өлкөнүн тилин таап, ортодогу карым-катышты, жыйылып калган проблемаларды четинен чечүүгө аракет кылып жатканын байкоого болот. Өзбек лидери Каримов кыргыз президенти Бакиевди расмий сапар менен өз өлкөсүнө келип кетүүгө чакырды.

Серепчилердин баамында Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери Өзбекстан менен тең ата же койун-колтук алышып ачык мамиле кыла албады. Акыркы сегиз жылда эки ортодогу карым-катыш салкын тартып, чечүүнү талап кылган маселелер жыйылып кеткен. Акыркы сегиз жылдан бери Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчылары расмий сапар менен бири-бирине каттабай калган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесинин сууп кетишине бир нече себептери бар. Ири алдыда эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык түзүлүштөр, өлкөнү башкаруудагы, демократия багытындагы өзгөчөлүктөр, аларды ишке ашыруу ыкмаларындагы айырмачылыктар бир топ кедергисин тийгизди. Экинчиден, президенттер Акаев менен Каримов көп тараптуу кызматташуунун алкагындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууларда протоколга ылайык көрүшүп, күлүмүш этип баш ийкешкендери менен орой-чарай отуруп эки өлкө тагдырына тиешелүү маселелерди чечүүгө чечкиндүү кадамдарды жасай алышпады. Мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаевнын пикиринде Акаев менен Каримовдун жеке мамилеринин начардыгы эки мамлекеттин, анда жашаган миллиондогон элдин тагдырына балта чаап келди:

- Менин оюмча эки мамлекеттин президенттеринин ортосундагы жеке мамиле көп жылдан бери түз болбой келди. Анан көп маселелерди Өзбекстан менен сүйлөшүп алып, кайра сөзүбүздөн тайып аттык. Биз тараптан президент макулдугун берет, бирок алдындагылар аткарбай келишти, - дейт элчи айым Роза Отунбаева.

Кыргызстандагы 2005-жылы 24-марттагы окуядан кийин кошуналардан биринчи кол сунган же саясий өзгөрүүлөрдү колдогон Өзбекстан болду. Акаевдин башкаруусу кулаган биринчи күндөрү эле жеке Каримовдун тапшырмасы менен туштук Кыргызстандын дыйкандарына жардам иретинде пахта үрөнү, күйүүчү, майлоочу май, курулуш материалдары тарабынан жардам келген. Каримовдун мындай кадамын убагында саясат таануучулар Кыргызстандын жаңы бийлигин тааныганы, аны менен мамиле кылууга биринчи кол сунганы катары бааланган.

Өзбекстандын демилгеси менен киргизилген виза системасы, Өзбекстан аркылуу өтүүчү автоунаалар үчүн бажы жана башка төлөмдөрдүн жогорулагандыгы, банктар ортосундагы акча жүгүртүү маселесинин жөнгө салынбагандыгы соода-экономикалык байланыштарга кедергисин тийгизип келди, дейт тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов:

- Соода байланышыбыз тарабында бир аз өсүү болуп аткан, бирок биз күткөндөй, бизге ылайыктуу деңгээлде эмес эле.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов акыркы убакта Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы мамиле жылый баштаганын билдирди. Кечээ жакында Москвада өткөн Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин галстугу жок жолугуусунда Өзбек президенти Каримов кыргыз лидери Бакиевди өз өлкөсүнө расмий визит менен келип кетүүгө чакырганы мамилелердин жакшы маанайга ооп баратканы катары бааланды. Каримовдун чакыруусунун демин суутпай Президент Бакиевдин расмий сапарын даярдоо максатында тышкы саясий мекеменин жетекчиси Жекшенкулов эксперттер тобу менен 24-августа Ташкентке жөнөгөнө турат. Министр орун басары Аскар Бешимовдун маалыматына караганда сапар учурунда суу, энергетика, газ жана чек ара көйгөйлөрү кайрадан күн тартибине коюлуп, талкууланмакчы:

- Соода жана башка тармактардагы алакабызды өнүктүрүүгө биз кызыкдарбыз. Эки ортодо карала турган суу, чек ара, баягы виза маселесин кыскартуу же жою суроосу турат,- дейт тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиленин начарлыгынын кесепетин Ош, Жалалабат жана Баткен облустары өзгөчө тартып, чек арадан өтүү, майда-соода сатык кылуу ж.б. толгон маселелер элдин көңүлө көк таштай тийип, чоң машакатка айланып, эки ортодо улуттук араздашууга негиз түзө турган жагдайлар көп болуп келатат. Мындай топтолгон проблемаларды жеңилдетүү же чечүүдө алдыда боло турган өлкө башчысы Бакиевдин Өзбекстанга жасай турган иш сапарынан элдин күткөнү, үмүтү чоң.

-Биздин бул иш сапарынан күткөнүбүз Кыргызстандын атуулдарына чек арадан өтүү мезгилинде паспорт жана виза маселесин жеңилдетсе, анан чекара жана бажы кызматкерлеринин жөнөкөй адамдарга болгон мамилелерин да бир тартипке салса. Мындан сырткары элдин соода-сатык карым катышынын жакшыртууга иш жасаса болот эле,- дейт Жалалабат шаарынын тургуну Мураталы Үчкемпиров.

Бакыт Орунбеков, Бишкек

XS
SM
MD
LG