Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:41

БАКИЕВДИН ПРЕЗИДЕНТТИК ИНАУГУРАЦИЯСЫНАН БЕРИ БИР ЖЫЛ ӨТТҮ


Курманбек Бакиев бүткүл элдик шайлоодо жеңип чыгып, президент болуп шайланып, инаугурациясын өткөргөн күндөн бери бир жыл өттү. Бул күнгө байланыштуу «Жарандык коом коррупцияга каршы» уюму президент К. Бакиевге анын ишмердигинин дурус-бурушун талдап, катачылыктарын көрсөткөн кайрылуу менен чыкты. Анда Курманбек Бакиев президент катары жетектеген бир жыл ичинде өлкөнүн өнөр жайын көтөрүү, сырткы саясий байланыштарын чыңдоо боюнча бир катар иштер аткарылганы айтылат. Ошону менен катар адам укуктары одоно бузулуп, адам укуктарын сактоо боюнча эл аралык милдеттенмелер аткарылбай, жакырчылык жайылып жатканы жана өлкөнүн коопсуздугу коркунуч алдында турганы баса белгиленет.

"Жарандык кооп коррупцияга каршы" уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова Азаттыкка айткан кебинде Курманбек Бакиев президент болуп шайланар алдында эл-журтка берген убадаларынын көбүн аткарбай, мурдагы бийликтин каталык жаңылыштыктарын кайталап жатат деп баса белгиледи.

- Шайлоо алдындагы платформасындагы эң бир жакшы мүдөө - конституциялык реформа болбой жатат. Саясий жана атуулдук, экономикалык укуктар эмне үчүн бузулуп атат. Эмне үчүн адамдардын катышу процессине мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Ал эми коррупция болсо күндөң күнгө күчөп жатат,- деди Төлөкан Исмаилова.

Президент Курманбек Бакиев шайлоого "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Куловду жеңип калса премьер-министрлик кызматка коерун убада кылып, анны менен бир тандемде аттанган. Шайлоодон кийин убадасын аткарып Куловду премьер-министр дайындады. Андан бери өткөн бир жыл ичинде Бакиев-Кулов тандеминин дарегине далай сын айтылды. Президент менен премьер-министр тил табышып иштегендин ордуна, бийлик үчүн тымызын күрөшүп тирешип, эл ишеничин актабай жатат деп оппозиция байма-бай сынга алып келатат.

Курманбек Бакиев бийликке келгенде негизинен эки чоң максаты бар экенин жар салган. Бири - коррупциянын тамырын кыркуу, экинчиси - калкты, өлкөнү жакырчылыктан сууруп чыгуу экенин айткан. Бакиев президенттик такка отурган бир жыл ичинде, оппозициянын жүйөөсүндө, коррупциянын арааны жабылбай эле мурдагыдан да күчөп ачылып, жакырчылык элдин жонунан түшпөй жатат. Курманбек Бакиевдин өзүнүн айтымында, андай эмес, тескерисинче коррупциянын колу кыскарып, анын эсебинен мамлекеттик казынага өткөн жылы эсептегиден бир жарым миллиард сом ашык түшкөн Бул жөнүндө президент чоң жыйындарда бир нече жолу баса белгилеп айткан учурлары болду.

- Коррупция азайбай жатат деп кыйкырып аткан саясатчыларга айтарым, өткөн жылы эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө кандай жарлыктар чыкканын жакшы билесинер. Быйыл эле март айында төрт жарлык болду. 1-июлдан дагы бул маселени караган атабыз. Алыскы тоолуу райондордогу биринчи төртүнчү класстын балдары үчүн бекер тамак уюштурулду. Мурда 100-200 миллион сомго көбөйткөндө жарым жылдап сайрашчу эле. Азыр миллиард сомго көбөйүп атат, бирок аны көргүсү келбей жатышат,- деген эле Президент К. Бакиев.

Ошентип, Президент Курманбек Бакиев журт алдына чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө өлкөдө болуп аткан жакшы өзгөрүүлөрдү көрмөксөн билмексен болуп жатат деп оппозицияга жооп айтып келатат. Оппозиция өз кезегинде эгер Бакиев өлкөдө конституциялык-демократиялык рефрмаларды жүргүзүү жөнүндө элге-журтка берген убадасын аткаруудан баш тартса, аны президенттик кызматтан кетирүү жөнүндө талап көтөрүп чыгышарын эскертүүдө.

Кубатбек Чекиров, Бишкек

XS
SM
MD
LG