Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

БИШКЕК –ОШ ЖОЛУ : ЖАБЫЛУУЛАР ЖАНА ЖАҢЫРУУЛАР


Бишкек-Ош автожолун куруунун 3-фазасы аяктап бараткан азыркы учурда жардыруу иштерине байланыштуу аталган жол бир нече күнү белгилүү сааттар ичинде жабык болот. Ошол эле кезде Бишкек-Ош автожолунун ашууларындагы, тоолуу чөлкөмдөрүндөгү аба ырайы, көчкү, таш кулоо, автокырсык ж. б. боюнча ыкчам маалымат алуу максатында спутник байланышындагы автоматтык метеорологиялык бекеттер жана патрулдук автомобилдер ишке берилди.

Убактылуу жабылчу жол - Күрпсай ГЭСи менен Разансай кыштакчасынын ортосу. Жолду жабуу ар күнү эле болбойт. 14, 17, 20, 23, 28, 30-август күндөрү саат 14.00.төн 19.00.га чейин гана. Токтоо жайлары: Бишкектен баратканда Каракөл шаардык МАИсинин жан-жакасы, Оштон келатканда Разансай кыштакчасы. Ушул эки жайда тең ысык тамак, суусундуктар кеңири сатылат. Ал эми автомашиналарды жайгаштыруу иштерине атайын бөлүнгөн МАИ кызматкерлери жардам берет.

Буга чейин Бишкек-Ош автожолун курулуш иштерине байланыштуу мынчалык узак убакыт жапкан учурлар болгон эмес экен. Анткени айланып өтчү жолдор пайдаланылыптыр. Күрпсай ГЭСи менен Разансай кыштакчасынын ортосундагы жолду болсо бир жагынан Нарын дарыясы, бир жагынан тоолор тосуп турат. Түштүк менен түндүктү байланыштырган канжолдун убактылуу жабыла калып турууларын айдоочулар менен жүргүнчүлөр анчалык кейиш менен деле кабыл албагандай. Кирекер (таксист) Жеңиш Сейитбеков мындай дейт:

-Айткан мөөнөтүндө жолду ачса эле болду. Жардыруу, тазалоо жумуштары узарып кетчү эле.

Анткен менен Бишкек-Ош автожолуна Жапон мамлекетинин жардамы менен курулган автоматтык метеорологиялык бекеттердин орнотулушу жана ишке берилиши соңку ири жаңылыктардын бири экендигин Бишкек-Ош автожолу мамдирекциясынын башкы деректири Жамшитбек Калилов баса белгиледи:

-Биз азыр Төөашуу, Алабел, Көкбел ашууларына жана Каракөл шаарына спутник байланыш системаларын койдук. Андан 6 параметр боюнча маалыматты 10 мүнөт сайын Бишкектен туруп ала алабыз. Биринчиси, абанын басымы, анан абанын нымдуулугу, шамалдын ылдамдыгы, абанын жылуулугу, кар, мөндүр- жамгыр.

Күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин гидрометеорология башкы башкармалыгынын төрага орунбасары Дүйшөнбек Табылдиев ошол автоматтык метеорологиялык бекеттердин кымбаттыгына жана айрым нерселерге күчү жетпестигине токтолду:

-Болжол менен ар бир автоматтык метеобекет 15-16 миң америка доллары турат. Бирок, кардын калыңдыгын өлчөөгө мүмкүндүгү жок. Аны ошол жердеги ДЭП кызматкерлери кошумча маалымат катары компьютерге киргизип турушат.

Ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Ош автожолунун тоолуу чөлкөмдөрүнө - Сосновка кыштагынан Каракөл шаарына чейин үч патрулдук автомобиль жүргүзө баштады. “Nisan” үлгүсүндөгү үч даана Джип автомашинасы ары-бери каттап турат. Алардын милдеттери туурасында Бишкек-Ош автожолу мамдирекциясынын башкы деректири Жамшитбек Калилов айтып өттү:

-Үч автомашинада тең телефон бар – рациялар. Кайсыл жерде көчкү түшкөн, кайсыл жерде таш кулаган, кайсыл жерди кыян алган – бүт бизге кабарлап турат. Андан сырткары жолдо бузулуп калган автомашиналар үчүн запастык бөлүк алдырууга, уста чакырууга шарт түзүп берет. Автокырсык болсо – жакыныраак жерге: же Каракөлгө, же Токтогулга, же Жайылга жабыркагандарды жеткирүүгө да жардам берет.

Бишкек-Ош автожолун куруунун 4-фазасы үчүн учурда инвесторлор изделип жаткандыгын эскерте кетели.

XS
SM
MD
LG