Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:59

Москвада ууланган эмгек мигранттарынын арасында Кыргызстандын да төрт жараны бар


БИШКЕК. Бул тууралуу «Азаттыкка» алдын ала маалыматтарга таянып, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ууккан кыргыз жарандары азыр Москванын ооруканаларында, алардын саламаттыгы канааттандырарлык. Учурда Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кызматкерлери кырдаалды көзөмөлдөөдө. Москвада курулушта иштеген 150дөн ашуун эмгек мигранттары кечээ тамак-аштан ууланып, ооруканага түшкөн. Алар негизинен Түркия, Азербайжан жана Өзбекстандын жарандары экени, уулангандардын саны учурда 200дөн ашканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG