Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

ҮЙ КУРУУЧУЛАР МИЛИЦИЯНЫ ЖООПКО ТАРТУУНУ ТАЛАП КЫЛУУДА


Бишкек шаарынын чет жакасында “Дордой” базарынын жанында 7 гектар жерди басып алгандар Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылышууда. Алардын айтымында, милиция кызматкерлери жер басып алган 33 адамды мыйзамсыз убактылуу камакка алган. Ал эми милиция кызматкерлери жер басып алгандар бул жерде мыйзамсыз жашап жаткандыктан, алардын койгон кинеси негизсиз дешти.

Жер басып алгандардын айтымында, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аларды милиция бөлүмүндө 5 саат бою кармап отурушкан. Абибилла карыя милиция кызматкерлери үй куруучулардын жашы-карысына карабай, күч колдонуп ички иштер бөлүмүнө алып кеткенин айтты:

-Аялдардын, эркектердин колун толгоп, малдай кылып кичи автобуска салды. Мени да колуман алып толгоду. “Мен өзүм басам” десем, бир милиция кызматкери келип артыман тепти. Эми ушул милиция жок дегенде карыларды сыйлабайбы.

Милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандардын бири Динара Турсуматованын билдиргенине караганда, милиция кызматкерлери баалуу боюмдарды, документтерди алып кайра кайтарып берген эмес:

-Акчам жок, документтерим жок. Мейли, акчамды бербесе койсун, акча табылат. Жок дегенде документтеримди беришсин. Эртең келип алып документиң жок экен деп өлтүрүп деле салышат.

Динара Турсуматованын мындай дооматтарын Аламүдүн районунун ичики иштер бөлүмүнүн жетекчиси Рыскул Жапаркулов четке какты. Анын айтымында, кармалгандардын бирөөндө да тиешелүү документтер жок болчу:

-Алардын документтери жок экен. Анан чатырыбыздан баалуу буюмдар жоголду, акча бар эле деп жатышат. Эч нерсе жок болчу. Бизге жөн эле шылтап жатышат.

Жер басып алуучулар жерди мыйзамдаштырып берүү өтүнүчү менен президентке, Чүй областынын губернатору, Аларча айыл өкмөтүнө кайрылаган. Бирок андан майнап чыкпаган соң 10-августта 40тан ашуун адам мэриянын алдына пикетке чыккан.

Ошондой эле алар Аламүдүн районунун милиция кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылышкан эле.

Аламүдүн районунун ичики иштер бөлүмүнүн жетекчиси Рыскул Жапаркуловдун билдиргенине караганда, “Дордой” базарынын жанындагы 7 гектар жер Аларча айыл өкмөтүнө караштуу. Андыктан ал жерди басып алып үй курууга эч кимдин укугу жок:

-Бул жер мамлекеттики болгону менен, айыл өкмөткө караштуу. Жергиликтүү тургундар бир нече жолу ушул жер боюнча арыз менен бизге кайрылышкан. Эми алардын малы бар, ошол жер жайыт жер. Жер басып алгандар бул жерди мыйзамсыз ээлеп алган. Милицияны коргогон эч ким жок. Алар эмне айтса бардыгына ишене бериш керекпи?- деди Рыскул Жапаркулов.

Жер басып алгандар милиция кызматкерлерин жоопко тартуу арызы менен Аламүдүн райондук прокуратурасына кайрылышты.

Белгилей кетчү нерсе, жер басып алгандар үмүт кылып жаткан 7 гектар жерде асфальт заводун куруу пландаштырылууда.

XS
SM
MD
LG