Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

КВАРТАЛДЫК ПОЛИЦИЯ: ИЧКИ ИШТЕР КЫЗМАТЫНЫН РЕФОРМАСЫ


2003-жылдан бери Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму Кыргызстандын ички иштер кызматын реформалоону ишке ашырууда. Ага кварталдык полиция долбоору да киргизилген.

Ички иштер кызматын реформалоо зарылдыгы 2002-жылкы Аксы окуясынан кийин арбын айтыла баштаган. Кийинки жылы Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму жаңы долбоорду ишке киргизип ага ылайык ички иштер министрлигинде коомдук коопсуздук башкармалыгы түзүлгөн. Аталган башкармалыктын жетекчиси Алмаз Молдокматовдун айтуусунда, кварталдык полиция коомчулук менен мыйзам сактоо органдарынын ортосундагы мамилени тереңдетүү максатында түзүлгөн.

- Эң эле керектүү, эл менен кандайча иштейт, аксакалдар соту, коомчулук менен кандай иштейт, ушулардын баарынын пландарын түзүп, проблемаларды эске алып, ишти баштадык. Бул көбүнчө профилактикалык жумуш, эл менен кантип иштөө, милдетти чогуу-чаран чечүү иши. Ушундай аракет жасалып жатат.

Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун эксперти Тармо Вийкме жаңы иш узакка созулчу, алыска мелженген максат-милдетти аркалаган жумуш деп эсептейт. Анын түпкү максатын түшүнгөн, жакшы түшүнө бербегендер деле арбын. Негизги максат - ички иштер кызматкерлеринин психологиясын, маанайын өзгөртүү, дейт Тармо Вийкме.

- Биринчиден, биз милиция кызматкерлеринин психологиясын бираз өзгөртө алдык. Бейөкмөт уюмдар, коомчулук, эл менен биргелешип иштешүү маанилүү экенин биз аларга түшүндүрө алдык го деп ойлойм. Алар баарын жабык эшик артында, элден жашырып жасабасын дейбиз. Элден түшкөн, бейөкмөт уюмдардан келген жардамды кабыл алып, чогуу аракеттенишсин.

Кыргызстанда 800 ашуун участкалык милиция иштейт. Айрым адистердин айтуусунда, участкалык милицияга көбүнесе тергөө, мамлекеттик автоинспекция жана башка «таасирдүү» кызматтарга илешпей калган кызматкерлер келишет. Ошондон алардын көпчүлүгү жанындагы адамдар менен түздөн-түз иштешкен участкалык милициянын кызматын убактылуу иш катары көрүшөт.

Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун ички иштер кызматын реформалоо долбоорунун улуттук координатору Шамшыбек Мамыровдун ырасташынча, мына ушул калыптанып калган түшүнүк жоюлушу керек. Кварталдык полицияга иштөөчүлөр бул ирет конкурстук негизде тандалып алынды.

- Жылдын аягына чейин кварталдык полиция деп аталып калат. Биз азыр министрдин жаңы буйругун даярдап жатабыз. Кудай буюрса сентябрда кол коюлуп калат го деп ойлойм. Ошентип Кыргызстандагы участкалык милициялардын баары кварталдык полиция, башка жаңы принциптерге өтөт.

Ички иштер кызматын реформалоо долбоорунун координатору Евгений Черенков үч жыл ичинде биртоп иштер жасалды, деп эсептейт.

- Албетте, үч жылдык программанын дурус, ошондой эле кайрадан жакшылап карап чыга турган жагдайлары бар. Ал кийинки долбоорлорду ишке киргизүүдө эске алынат. Азыр буга чейин ишке киргизилген долбоорлорду жалпылап, алардын бирин дурус, экинчисин буруш деп бир жактуу баа бериш кыйын. Принцибинде бардык долбоолордун ишке кириши дурус болгонун белгилей кетүү керек.

Е.Черенковдун ырасташынча, ички иштер кызматын реформалоо биртоп багыттарды ичине алат. Алардын арасында кварталдык полиция принцибине өтүү ички иштер кызматын түп-тамырынан өзгөртөт. Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму бул ишти жүзөгө ашырууга баш-аягы 5,5 миллионго жакын евро акча бөлгөн. Кварталдык полиция кызматкерлерине жакында ЕККУнун Kыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси М.Мюллер 6 жеңил автомашинанын ачкычын тапшырды. Бишкектин Свердлов району менен Ош шаарындагы кварталдык полиция долбоору бара-бара жалпы республиканы камтыйт.

XS
SM
MD
LG