Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:07

"Азаттыктын" Түркмөнстандагы кабарчысы соттолгону сынга алынууда


Париж шаарында жайгашкан "Чек арасыз репортерлор" уюму түркмөн бийлигин катуу сынга алды. Кечээ күнү Ашгабат шаарынын соту "Азаттыктын" 58 жаштагы кабарчысы Огулсапар Мурадованы алты жылга эркинен ажыратууга кескен. Аны менен кошо соттолгон эки укук коргоочу Аннакурбан Аманклычев жана Сапардурды Хажиев ар бири жети жылга кесилди. Алар баары июнда кармалган жана мамлекеттик сыналгы билдиргенге караганда, президент Сапармурад Ниязовко кол салуу уюштурууга даярданган деп күнөөлөнгөн. Сот болсо Мурадованы - жанында курал-жарак кармаганы үчүн күнөөлүү деп тапты. Жабык сот бир нече мүнөткө гана уланды.

XS
SM
MD
LG