Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

БЮДЖЕТ МЫНДАН АРЫ ЭКИ ДЕҢГЭЭЛДЕ ГАНА БОЛУШУ МҮМКҮН


Кыргызстандын бюджети мындан ары жергиликтүү жана республикалык болуп эки деңгээлде гана түзүлүшү мүмкүн. Бул боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттарынын Оштогу парламенттик угуусунда талкууга алынды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү эки тепкичтүү бюджеттин түзүлүшү алардын каржылык көз каранды эместигин камсыз кылат деп кубатташса, райондук жана облустук бийликтин башчылары мындай бюджеттик системага өтүүгө административдик жагдайлар тоскоолдук кылат дешип каршы болушту.

Каржы министри Акылбек Жапаров райондук жана облустук бюджеттерди жоюп, “жергиликтүү”, “республикалык” деп аталган эки деңгээлдеги бюджеттик системага өтүүнүн зарылдыгы тууралуу билдирип, бюджеттик реформанын долбоору менен Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн жана өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын тааныштырды.

-Айыл өкмөтү, поселокту, шаарлардыкы-жергиликтүү бюджет деп аталат. Андан кийин республикалык. Эки деңгээлдеги бюджет туруш керек. Азыр болсо бюджетти 497 субьектиге биздин министрлик түздү,- дейт каржы министри Акылбек Жапаров.

Бул доолбордун артыкчылыктарын кубаттаган бир катар айыл өкмөттөрүнүн башчылары эки деңгээлдеги бюджеттик системага өтүүнүн зарылдыктарын белгилешти. Алардын ою боюнча бул жаңы система буга чейинки райондук жана облустук бюджеттерден болгон көз карандылыктан бошотот жана чыныгы өз алдынчалуулукка жол ачат.

- Айыл өкмөтүнүн бюджетине салыктарды администрациялоону айыл өкмөттөрүнө өткөрүп берүү, буга чейин салыктарды чектөө, салык планын жеткирүү, райондук салык инспекциясы тарабынан жүргүзүлүп келүүдө. Айыл өкмөттөрүнүн салык салууда ага азыркы убакта укуктары чектелип калды,- деген оюн билдирди Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Абдимитал Кочкорбаев.

Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев болсо эки деңгээлдеги бюджеттик системага өтүүгө даярдыктар али жок экендигин айтуу менен шашылыш реформа жасоо райондук жана облустук деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдарынын көзөмөлүнүн алсырашына алып келет деген кооптонууну билдирди:

- Анын үч булагы жок. Административдик рычагдар колдоруна өткөн жок.
Өзүн-өзү башкаруу менен мамлекеттик администрациянын ортосунда ким кайсы жумуштарды аткарыш керек ал жагынан так болуу керек. Менчик дагы так болуш керек,-
дейт Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев.

Ал эми депутат Искак Масалиев болсо эки деңгээлдеги бюджеттик системага өтүүдөн мурун өлкөдө конституциялык жана административдик реформалар тезирээк ишке ашышы керек деген оюн ортого салды.

- Бул боюнча биз деле көп нерсени билбейбиз. Ишке ашкандан кийин чыгат. Конституциялык реформага тыгыз байланыштыгы бар. Административдик реформа өткөрмөйүнчө кээ бир маселелер калып кетет,- деди депутат Искак Масалиев

Парламенттик угуунун жүрүшүндө депуттар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жаңы жылдан бюджет кабыл алынганга чейин бир ыктай мыйзамдык базаны карап чыгуу менен жаңы бюджеттик системага өтүү маселесине токтолушту.

Кубанычбек Жолдошев,Ош

XS
SM
MD
LG