Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

КЫРГЫЗСТАН ЭГЕМЕНДИК ЖЫЛДАРЫ : ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА ӨКСҮКТӨР


Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын эгемендигинин 15 жылдыгына карата конференция өттү. Анда эгемендик жылдары өлкөдө орун алган саясий, экономикалык, социалдык тармактардагы жетишкендиктер жана кемчиликтер тууралуу сөз болду.

Азиза Турдуева, Прага.

Кыргызстандын эгемендигине карата уюштурулган бул конференцияда өткөн 15 жылдагы бир топ жетишкендиктер жана кемчиликтер тууралуу айтылды.

Ийгиликтер катары Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукка интеграцияланышы, өлкөдө базар экономикасынын калыптанышы, жерге жеке менчиктин киргизилиши, ишкердик тармагынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын өнүгүшү, билим берүү, социалдык тармактагы жылыштар жана башкалар белгиленди.

Башкы кемчиликтер иретинде коррупциянын өнүгүшү, тышкы карыздын көбөйүшү, эмдигиче өлкөдө ага ылайыктуу саясий система калыптана электиги айтылды.

Жогорку Кеңештин экс-спикери Абдыганы Эркебаев эгемендик жылдардагы жетишкендиктер жана катачылыктарга байланыштуу мындай пикирин ортого салды:

“Эми башкы жетишкендик – Кыргызстан мамлекеттик эгемендүүлүктүн бардык белгилерине ээ болду. Анын тышкы саясаты калыптанды. Бир катар дүйнөлүк, эл аралык уюмдарга мүчө болду. Жаманбы, жакшыбы –базар экономикасы калыптана баштады. Элибиз жакыр эмес. Бирок, албетте, тышкы карыздын көлөмү көбөйүп кетти. Чет өлкөлүк кредиттердин баары эле максаттуу пайдаланылган жок. Ага экс-президенттин үй-бүлөсү да кийлигишти. Аларды көрүп башкалары кийлигишти”.

Жыйынга мурдагы бийликтин учурунда жооптуу кызматтарда иштеген Болот Жанузаков, Кубанычбек Жумалиев, Аскар Айтматов жана башкалар да катышып, Кыргызстанда эгемендүүлүк жылдары жүргүзүлгөн реформаларда, саясий, экономикалык тармактардагы жетишкендиктерде экс-президент Аскар Акаевдин орду чоң болгондугун белгилешти. Буга байланыштуу экс-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев мындай деди:

“Кыргызстанда жүргүзүлгөн реформалардын баары Аскар Акаевдин көрөгөчтүгү, иш билгиси менен жүргүзүлдү. Крыгызстандын эгемендик жылдарындагы жетишкендиктерде Акаевдин ролу зор”.

Ал эми конференцияга катышкан айрым саясатчылар болсо, жыйында Акаевге карата мактоолор көп айтылганына нааразылыгын билдиришип, чыгып кетишти. Алардын бири Кыргызстан улуттук кыймылынын төрагасы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Болот Байкожоев болду жана ал “Азаттыкка” мындай деди:

Бул конференцияга негизинен Акаевди жактагандар чогулуп алышыптыр. Анын мактап көкөлөтүп атышат. Мен ага кошула албайм. Ошондуктан, жыйындан чыгып кеттим”.

Экс-президент Аскар Акаев жетектеген мурдагы бийлик тарабынан Кыргызстандын өнүгүшү үчүн тиешелүү аракеттер көрүлгөн жок деди “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев.

-“Акаев жетектеген бийлик Кыргызстанды талап-тоноду. Элди жакыр кылды. Мамлекеттик байлыкты сатышты. Жерди сатышты. Анын тегерегиндеги бир ууч адам эбегейсиз байыды. Алар эл алдында жооп бериши керек”.

Конференцияда ошондой эле Кыргызстандын бүгүнкү күндөгү экономикалык, саясий абалы жөнүндө ушул күндөрү Бишкекте Эл аралык Валюта Корунун миссиясы Кыргызстанды ХИПК программасына киргизүү боюнча өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы да айтып турат деген көз караштар болду.

XS
SM
MD
LG