Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

АБДЫГАНЫ ЭРКЕБАЕВ : 15 ЖЫЛ ИЧИНДЕ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИНИН ПАЙДУБАЛЫ ТҮПТӨЛДҮ


Төрөкул Дооров, Прага

- Абдыганы мырза, бүгүн майрамды кандай белгилейин деп атасыз?

- Кудай буюрса мен да элибиз катары бүгүнкү күндө жакшы маанайда, борбордук аянтта салтанаттар болот, ошого катышам. Ар кандай да башка иштер болот ошолорго катышам. Себеби, ар бир адам өзүн эл катары сезиш керек. Ар кандай жакшы иштерге, майрамдарга кубанып, кемчиликтер болсо ошого кабыргам кайышып, өкүнөм. Мен эгемендик майрамыбызга ак маанай менен катышам. Анын үстүнө бул иштерге мен түздөн-түз катышкам, аралашкам, дайым ичинде болгом, салымымды кошком, мен мындай чоң салтанатка эч кайдыгер боло албайм.

- Жогору макалада айтылды, Кыргызстан эгемендүүлүк жылдарына карата мамиле ар кандай экен. Азыр баарын мезгилдин таразасына сала турган убакыт да келди окшойт. Сиздин жеке пикириңизде, Кыргызстан 15 жыл ичинде негизинен уттубу, же уттурдубу?

- Тарыхты алганда, келечектин көз карашынан алганда менимче Кыргызстандын эгемендүү болушу кыргыз калкы үчүн, жалпы эле Кыргызстанда жашаган башка этникалык топтор үчүн дагы зыян болгон жок. Делеге эркиндиктен, азаттыктан бийик эмне бар? Өзүңчө сүйлөп, өзүңчү түндүк көтөрүп, түтүн чыгарып, өз жолуңду өзүн таап, өз киндигиңди өзүң кескенге эмне жетсин. Кыйынчылыктар, мүшкүлдөр болбосун, алар да болбой койгон жок, аны да моюнга алыш керек. 15 жыл ичинде Кыргызстан өзүнүн жолун, пайдубалын кура алды деп айта алам.

- Абдыганы мырза, өзүңүз айтып кеттиңиз 15 жыл ичиндеги процесстерге өзүңуз да такай катышып келдиңиз. Сиздин өзүңүз үчүн чыгармачыл да, коомдук да ишмердүүлүүгүңүздү эске алганда, эгемендик жылдары кандай өттү деп баа бересиз?

- Сыдыргыга салгандай түз чаап кете алган жокпуз, дегеле тарыхта андай болбойт. Менимче, 15 жылдын ичинде жаңы көз карандысыз кыргыз мамлекетинин пайдубалынын негиздери түптөлдү.

- Өзүңүз үчүн кандай болду бул жылдар?

- Өзүм үчүн дагы жаман болгон жок, Кудайга шүгүр, элге ыраазымын. Ушул жылдары чыгармачыл ишимди улантуу менен бирге коомдук, саясий, мамлекеттик иштерге түздөн-түз аралашып, элдин ишеними менен атүгүл чоң кызматтарга, өлкө жетекчилеринин бирине чейинки деңгээлге жеттим. Жалпысынан мен канааттанам.

- Ушул жылдары сиз мамлекетик ишмер катары элге кандай пайдалуу иш жасай алдым деп ойлойсуз?

- Биринчиден, эл өзү ишеним көрсөтүп депутат кылып шайлагандан кийин Кыргызстандын ар бир жагдайдагы акыбалы кандай, эмне кылыш керек жана кандай маселелер бар ошол боюнча өзүмдүн оюмду такай ачык-айрым айтып, жакшы жактарына сүйүнүп, кемчиликтер болсо ошону да кейиш менен айтып келдим. Менимче бул адамдын позициясынын ачык-айкын болгонунун белгиси. Экинчиден, убагында мен Кыргызстандагы биринчи маалымат каражаттары менен басма сөз жөнүндөгү мыйзамдын долбоорун даярдап өткөргөн кишимин, биринчи көз карандысыз гезиттерди каттаган кишимин. Демек мен Кыргызстандын басма сөз эркиндигине да салым коштум. Кийин вице-премьер министр болдум, парламентте эки палатаны башкардым, демек Кыргызстандын мыйзамынын өнүгүшүнө сөзсүз менин салымым бар деп эсептейм. Жөн жүргөн жокбуз, колдон келишинче аракет кылдым.

XS
SM
MD
LG