Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:02

АННАН СИРИЯДА БОЛДУ


Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан бүгүн Сириянын президенти Башар Асад менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар түштүк Ливандагы кырдаалга байланыштуу бир катар маселелерди талкуулашты. Ливандагы кырдаал донорлордун Швециядагы, Евросоюздун тышкы иштер министрлеринин Финляндиядагы жыйындарында да сөз болду.

Кофи Аннан менен Сирия президенти Башар Асаддын сүйлөшүүлөрү кырк мүнөттөн ашыгыраак созулду. Асад баарыдан мурда Сирия Коопсуздук кеңешинин түштүк Ливанга байланыштуу жакындагы резолюциясын колдой турганына жана анын аткарылышына көмөктөшөрүнө баш катчыны ишендирди. ”Президент жакынкы күндөрдө Сирия бир катар чараларды көргөнү жатканы тууралуу мага маалымдады”, деп айтты Аннан. Атап айтканда, чек арадагы аскерлер көбөйтүлөт, Ливан армиясы жана чек ара кызматтары, ошондой эле ливандыктарга чек араларды бекемдөөдө техникалык көмөк көрсөтүп жаткан эл аралык уюмдар менен байланыш түзүлөт. Мунун баары “Хезболла” тобунун тыштан курал-жарак алышына бөгөт болот.

Сүйлөшүүлөрдө түштүк Ливанга Улуттар Уюмунун бейпилдик контингентин жайгаштыруу маселеси да талкууланды. Сирия мурда бул чечимди “душмандык кадам” катары кабыл алган эле. Тышкы иштер министри Валид Муаллемдин өкүлдөрү ырасташкандай, Сириянын жетекчилиги эл аралык коомчулук менен бардык багытта кызматташканга даяр. Ошол эле учурда сириялык лидерлер Коопсуздук кеңешинин Жакынкы Чыгышка байланыштуу бардык резолюциялары жүзөгө ашырылышын жактайт.

Ливандагы кырдаалды Финляндияда Евросоюздун тышкы иштер министрлери да талкуулап жатышат. Ал эми Стокгольмдагы жыйында донорлор Ливандагы кайра куруу иштерине 940 миллион доллар адие топтогонго убада беришти. Бул болжолдонгон суммадан эки эсе көптүк кылат.

Ушул эле күнү түштүк Ливанга Италиядан эл аралык контингенттин курамына 20 солдаттан турган алгачкы отряд келип кошулду. Калган 980 жоокер эртең Бейруттан сексен чакырым алыстагы Тиро портуна түшүрүлөт. Алардын соңунан регионго француздардын контингенти келет. Индонезия да Ливанга бир миңдей аскер жөнөтмөк болду. Израил өкмөтү эл аралык контингенттин саны беш миңге жетер замат түштүк Ливандан аскерлерин чыгаруу ишин баштай турганын айткан эле.

XS
SM
MD
LG