Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

14:00 Узун элдин учуна угулган наркобарон 38 кг апийим менен колго түштү


БИШКЕК. ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармасынын кызматкерлери 1-сентябрда баңгизаттардын ири өлчөмдөгү партиясын сатууга аракет кылып жаткан жеринен Ботобеков Сайпидин менен Ибрагимов Исманалыны кармашты. ИИМдин маалыматына караганда, Ибрагимов И. баңгизаттарды ири партиялар менен соодалаган «наркобарон» катары Россиянын, Тажикстандын, Кыргызстандын укук коргоо органдарында каттоодо турган. Аларды кармоо учурунда 38 кг апийим алынган. Бул товардын наркы Бишкектин тымызын базарында 50-70 миң долларга чейин барат экен. Мунун артынан 3-сентябрда Бишкекте 18 кг апийим менен дагы эки адам – Кожобаев Шералы менен Эргешов Азамат колго түшкөн.

XS
SM
MD
LG