Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Иран ООНдун инспекторлорун өзүнө киргизбей коюшу мүмкүн


Иранда улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча парламенттик комиссия өлкөгө Улуттар уюмунун инспекторлорунун киришине тыйуу салган мыйзам долбоорун жактырды. Аталган документ боюнча докладчы Казем Жалалинин айтымында, БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иранга өзөктүк программасы боюнча чектөөлөрдү көбөйтсө, мыйзам күчүнө кирет. Жалали эларалык топторду Ирандын өзөктүк программага укугун таануудан баш тартып жатышкандары үчүн айыптады.
Улуттар уюмунун резолюциясына ылайык, Иран өзүнүн өзөктүк аракеттерин 1-сентябрга чейин токтотушу керек эле, бирок Тегеран муну четке какты. Иран өзүнүн өзөктүк программасы жалаң танчтык максатты көздөй турганын айтууда. Ал эми АКШнын ишениминде, Тегеран атом бомбасын жасоону көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG