“Панчжир өрөөнүнүн Арстаны” деген атка конгон Ахмад Шах Массуд советтик аскерлерге, Ооганстандын өкмөттүк армиясына, талиптердин режимине каршы күрөшүп келген.
Талиптер бийликке келе электе Массуд кыска убакыт Бурханиддин Раббанинин өкмөтүндө коргоо министри болуп турду.
2001-жылдын 9-сентябрында өздөрүн кабарчыларбыз деп тааныштарган адамдар Массудка жакындап барып, камеранын артына жашырылган бомбаны жардырып жиберишкен.
Бүгүн ооган президенти Хамид Карзай генералды эскерген митингге катышып, сөз сүйлөдү:
- Бүгүн биз Ооганстан үчүн шейит кеткендерди эскерүүдөбүз. Өзгөчө өлкөнүн ар бир карыш жери үчүн күрөшүп келген, ал үчүн өз өмүрүн аябаган кишиге таазим этүүдөбүз. Ал - Ахмад Шах Массуд.
Митингте Массуддун бир тууганы да сөз сүйлөдү:
-Массуд адаттан тышкаркы адам болчу. Ал өлүм өкүм сүргөн өлкөдө адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн. Массуд террорго, зөөкүрдүккө, адилетсиздикке каршы болчу. Анын чечкиндүү кадамдары биздин эсибизде калат.
Массуд “Беш Арстандын өрөөнү” деген атка конгон Панчжир өрөөнүндө коюлган. Бүгүн анын көрүстөнүндө да эл көп болду.
Айнура Жекше кызы, Прага