Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

ИРАК ПРЕЗИДЕНТИ КОШУНА ИРАНГА КЕЛДИ


Нарын АЙЫП, Прага Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики 12-сентябрда эки күндүк сапар менен кошуна Иранга келди. Ошол эле күнү ал президент Махмуд Ахмадинежад менен жолукту жана эми Ирандын руханий жетекчиси аятолла Али Хаменеи менен кездешет.

Малики Тегеранга Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежаддын чакыруусу менен келди, визит эки күнгө уланат жана келээри менен ал Ахмадинежад менен жолугуп, эки мамлекет ортосундагы мамилелерди кеңейтүү жана чыңдоо маселелерин талкуулады. Ахмадинежад кечээ Ирак премьери менен жолугуп сүйлөшүү өткөргөндөн кийин өзү сапарга чыкты - ал алгач Африканын Сенегал мамлекетине, андан соң Куба, Венесуэла жана андан кийин Бириккен Улуттардын жалпы ассамблеясынын сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат.

Тегеранда ал Ирак премьер-министри менен жолукканда, эки өлкө ортосундагы мамилелер азыр абдан жакшы жана Ирактын коопсуздугун камсыз кылуу өтө маанилүү экени тууралуу билдирди: "Ирак өкмөтүн күчүнө келтирүү - бир тууган Ирактагы коопсуздукту жана тынчтыкты камсыз кылууга жатат. Биз Ирак өкмөтүнө - өлкөдө толук коопсуздук орнотууга жардам көрсөтөбүз", - деди Ахмадинежад. Эки жетекчи көптөгөн маселени жабык эшик артында талкуулады.

Ирак премьери Ирандын руханий жетекчиси аятолла Али Хаменеи менен дагы жолугууга тийиш жана эки мамлекеттин тең маалымат каражаттары бул жолугушууга өтө жогору баа берип жатат. Иран мусулмандары 90 пайызга шийилер, Ирактын дагы калкынын 60 пайызын шийи мусулмандары түзүөт. Малики да шийилердин өкүлү. Саддам Хусейндин бийлиги учурунда болсо Иракты суннилер башкарган жана Саддамга каршы чыкканы үчүн Малики өлүм жазасына кесилип, көптөгөн жыл кошуна Иранда, андан соң Сирияда сүргүндө жашаган.

Айрым Батыш эксперттери жана өзгөчө АКШ жетекчилиги Иранды - ал кошуна Ирактын ички иштерине кийлигишүүдө деп эсептейт жана өлкөдө азыр жүрүп жаткан шийилер менен суннилер ортосундагы кагылышуулар кандайдыр бир ченемде ошондой кийлигишүүнүн натыйжасы деген пикир күчтүү. Ал тууралуу 11-августта АКШнын Ирактагы элчиси Залмай Халилзад ачык эле айткан. Ага жооп катары Ирандын Исламдык революция үчүн жогорку кеңешинин жетекчиси Абдул Азиз ал-Хаким америкалык "Тайм" журналына ошол эле августта интервью берип, ал тууралуу Вашингтон же башка Батыш мамлекеттери эч качан эч кандай орчундуу далил келтирген эмес деп билдирген.

Азыркы визит учурунда бир нече келишимге кол коюлууга тийиш, алар негизинен сооданы кеңейтүү менен байланыштуу, бирок Ирактын Басра шаарынан Ирандын Абадан портуна чейин мунай куурун жаткыруу боюнча да келишим бар.

XS
SM
MD
LG