Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

КУРМАНБЕК БАКИЕВ :«КААЛАСАҢАР ЭЛГЕ КАЙРЫЛГЫЛА!»


Президент Курманбек Бакиев бир тууган инисинин айланасында чыккан жаңжалдан улам отставкага кетпейт. Бул жөнүндө мамлекет башчы бүгүн депутаттардын чакырыгы боюнча парламентке барып сүйлөгөн сөзүндө билдирди. «Президент отставкага кеткенге шарт да, себеп да жок»,- деп баса белгиледи. Ал депутат Текебаевдин айланасында болгон инцидентти мамлекеттик комиссия териштирип, тергөө өткөрүлмөйүнчө ызы-чуу көтөрүшкө каршы экенин айтты.

Кыйла күндөрдөн бери уламдан-улам күчөп бараткан талаш 14-сентябрда да улантылды. Сессиянын бул күнкү жүрүшү депутаттардын көбү талап кылган президент К.Бакиевдин келип, талаштуу иш тууралуу позициясын билдириши менен улантылды.

Ө.Текебаев Варшавада кармалганын уккан соң президент күтүлгөн күзгү саясий оюндар башталганын билдим деп айтты.

- Депутат Ө.Текебаев наркотик менен кармалды, деген кабар мага жеткенде эле мен ойлодум: «И, күздө бир саясий немелер болот деди эле, ушу турбайбы». Эмне болот деп ойлоп жүрдүк эле. Болгондо дагы Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орунбасары Бакиев Жаныбек Салиевичтин аты аталды.

К.Бакиевдин ырасташынча, бул саясий чырлуу ишке тиешеси бар адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Ал үчүн парламенттик, мамлекеттик комиссиялардын жыйынтыгын, Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иштин аягына чыгышын күтүш зарыл.

- Эгерде ушул комиссиянын ишинин жыйынтыгында ким гана болбосун, менин тууганым болобу, башкасы болобу, тиешеси бар болсо мыйзам чегинде ал толук жазасын алат, мен да жыйынтык чыгарам.

Мамлекет башчы конституциялык реформа маселесине да токтолуп, бул иште ашыкпоо керектигин, жеке өзү президенттик же президенттик-парламенттик башкаруу формасын жактыра тургандыгын айтты. А.Бекназаров баштаган жумушчу топ даярдаган үч долбоор жарабастыгын ачыкка чыгарды.

- Ушул жазылган азыркы варианттан мен бирөөсүн да киргизе албайм парламентке.

Президент К.Бакиев жакын адамдары тууралуу аркыл миш-миштер көп айтыларын белгилеп, анын парламент трибунасынан да таралып калганына нааразы экенин жашырган жок.

- Баарыңардын бир тууганыңар бар, баарыңардын бир туугандарыңар бар. Үй-бүлөңүздөр бар. Мен алардын баарын чогултуп алып, алар же мамлекеттик кызматта иштегенге болбойт, же бизнеске болбойт. Интересно! Анан дагы мына айтып атпайсыңарбы, тиги мындай сөз айтты, бул мындай сөз айтты деп. Эмне, бул жер ушакты тарата турган жерби? Парламент бизде тергөө-айыптоочу органбы?

Депутат Мелис Эшимканов президент шайлоо алдында көп айткан конституциялык реформа, мамлекеттик телеканалды коомдук телеберүүгө айлантуу, үй-бүлө бизнесин болтурбоо сындуу убадаларынын өтөлгөсүнө чыкпаганын айтып, чын эле Кыргызстанга Улуу Британияда башпаанек таап жүргөн Б.Березовский келип кеттиби деген суроону узатты.

- Борис Березовскийдин келиши жөнүндө документ таратылды. Аны сиздун уулуңуз тосуп алган имиш, эки күн жүргөн имиш, өзүңүз жолуккан имишсиз. Ошол имиштин, мына бүгүн паспорт маалыматтары, кайсы учак, кайсы номур, канча экипаж келгендиги жөнүндө маалымат берилди. Же бул дагы сиз айткандай, көп ушактын бириби?

К.Бакиев: - Б.Березовскийдин буту Бишкекте болгон эмес деп. Дагы кандай жооп керек? Буга дагы ишенбей койсоңор өзүңөрдүн ыктыярыңар, ишенбей кое бергиле. Бирок мен силерге айтып коеюн, Б.Березовский менен эч кандай иш жок.

Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчи орунбасары Жаныбек Бакиевдин чырлуу ишке тиешеси бардыгы ачыкка чыккандан бери президент менен премьер-министрдин кызматын таштап кетиши тууралуу сөз жүрө баштаган. К.Бакиев азырынча өкмөт да, өзү да кызматын таштап кетпестигин айтты.

- Президенттин бүгүн отставкага кеткенге эч кандай шарт жок. Себеп жок. Менин көз карашым. Кааласаңыз элге кайрылгыла, пожалуйста.

Парламент бул күнү да токтомун кабыл алган жок. Эртең токтом долбоору талкууга салынмакчы.

XS
SM
MD
LG