Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Дүйнө мусулмандары Папа Бенедикт алардан кечирим сураш керек деп билдирүүдө


Пакистан, Түркия жана Ирандын динаятчылары католиктердин диний жетекчиси папа Бенедиктти катуу сынга алып, ал ислам коомчулугунан кечирим сураш керек деген талап коюуда. Алардын айтымында, папанын ойлору жана сүйлөгөн сөздөрү орто кылымдардагы маанайды элестетет. 12-сентябрда Алманияда окуган дарсында Папа Бенедикт Урум императору XIV кылымда Мухаммед пайгамбарды сынга алганына шилтеме жасап, ислам күч колдонуу менен байланышкан деп билдирген. Папаны Ислам конференциясы уюму дагы сынга алды, Ватикандын айтымында болсо, папа ислам динине шек келтирүүнү көздөгөн эмес.

XS
SM
MD
LG