Кол коюлган документтин маанисине токтолгон Казакстандын премьер-министри Даниел Ахметов Шанхай кызматташуу уюмунун алкагында жаңы энергетикалык клуб түзүлүп жатканына билдирди.
-Биз дагы бир жолу энергетика жана автотранзит тармагындагы кызматташтык биздин өлкөлөр үчүн артыкчылыктуу багыт экенин аныктадык. Биздин өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүндө энергетикалык коопсуздук өзгөчө мааниге ээ экенине ынандык-дейт Ахмедов.
Орусиянын премьери Михаил Фрадков Борбор Азияда жаратылыш газынын жаңы коридорун куруу жана Кыргызстан менен Тажикстандын гидроэнергетикалык кудуретин өнүктүрүү маселелерине көңүл бурду. Фрадков ошондой эле Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөр үчүн терроризм, баңги аткезчилигине каршы биргелешип күрөшүү зор мааниге ээ экенин белгилеп, жыйынга Ооганстандык делегация катышып отурганы баарыбыз үчүн пайдалуу деп басым жасады.
Ушул жылдын июнь айынан тарта Шанхай Биримдигине Кыргызстан төрагалык кылып жатканын эске салып, өкмөт башчы Феликс Кулов алдыдагы башкы максаттарды атай кетти:
-
Шанхай кызматташуу уюмунун төрагалык ролунда биз уюмдун дүйнөдөгү жана региондогу коопсуздук менен стабилдүүлүктүн кепили катары эл аралык позициясын бекемдөөгө аракет жасамакчыбыз. Ошондой эле бардык күч уюмга кирген өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен өз ара маданий-гуманитардык байланыштарын кеңейтүүгө жумшалмакчыб-деди кыргыз премьер-министри Кулов.
Дүйшөмбү шаарындагы бул жыйынга кайрылган чет элдик аналитиктер Шанхай кызматташуу уюму аркылуу Кытайдын Борбор Азиядагы таасирин арттыруу максатына көңүл бурушууда. Бул жыйын бейжиндик маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылды. Кытай премьери Вен Жибао талкууланган бардык маселелер боюнча өз көз карашын билдирип отурду.
Венера Сагындык кызы