Курултайга парламент депутаттары: Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Дооронбек Садырбаев, Болот Шерниязов, Мелис Эшимканов жана башка бир катар саясатчылар, бейөкмөт жана укук коргоо уюмдардын лидерлери жана аймактардан өкүлдөр келишти.
Курултай катышуучулары колдоруна "Акаевщина бийликтен кетсин!", "Акаев+Бакиев", "Бакиевдер Кыргызстанды уятка калтырбагыла!" жана башка плакаттарды кармап турушту. Бул саясий иш чарага 2 миңден ашык адамдар катышышты.
"Реформа үчүн" кыймылынын лидери, ЖК депутаты Текебаевдин айтымында, курултай өлкөдөгү саясий кыймылдардын кызматташуусунун бир формасы болуп калды.Депутат Өмүрбек Текебаевдин маңзат менен Польшада кармалышы Кыргызстандагы саясий кырдаалды курчутуп жатканы айтылып, курултайда талкууга алынган кошумча маселе болду.
Курултайда козголгон маселелердин орчундуусу - Аксы окуясына себепкерлерди,күнөөкөрлөрдү таап, сот жообуна тартуу болду. Аксылыктар бул талапты мурдагы президент Акаевдин тушунан бери бийлик алдына коюп келатышканы дагы айтылды.
24-марттагы окуялардан кийин бийликке келген Бакиевдин командасы дагы Аксы окуясынын аягына чыкпай жатышын курултай катышуучулары кескин сынга алышты.
Курултайдын катышуучулары конституциялык реформаны тездетүү, 2002-жылдагы Аксы окуясын бир айдын ичинде адилет карап чыгуу, бийликке жагымсыз оппозиция өкүлдөрүн куугунтуктоону токтотуу, «матрешка» чатагына тиешеси бар адамдарды жоопко тартуу, чет өлкөлөрдө элчиликтерде иштеп жатышкан президент Бакиевдин инилерин кайра чакыртып алуу талаптарын коюшту. Эгерде бул талаптар аткарылбаса Бакиев Кулов тандеми отставкага кетсин деген сөздөр айтылды. Кийинки курултай орозо айы бүткөндөн кийин Бишкекте өтөөрү жарыя болду.