Жогорку Кенештин депутаттары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге болгон кол салуу кокустан болгон окуя, деп билдирди ички иштер министри Мурат Суталинов бүгүн парламентте. Анын айтымында, депутаттар менен 19-сентябрда түнү кагылышкан беш-алты бала кармалып, учурда көрсөтмө берүүдө. Ал балдар окуя болгон жерде эле депутаттардан кечирим сурашкан экен.