Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

17: 50.Евробиримдик Кыргызстандын укуктук базасын чыңдоого 500 миң евро бөлдү


БИШКЕК. Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов БУУнун ассамблеясынын 61-сессиясында АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер менен жолугушту. Анда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, саясий дипломатиялык мамилелерди өркүндөтүү, инвестиция тартууну күчөтүү маселелери талкууланды.

Жекшенкулов Европа Комиссиясынын тышкы байланыштар жана достук мамилелер саясаты боюнча башкы комиссары Бенита Ферреро-Вальднер менен жолугушту. Жолугушууда башкы комиссар Кыргызстандын укуктук базасын чыңдоого Евробиримдик 500 миң евро бөлгөнүн кабарлады. Тараптар ошондой эле президент Курманбек Бакиевдин Брюсселге иш сапарын талкуулашты. Бакиев Евробиримдикке иш сапар менен ушул күздө барары болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG