Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:54

ОШ: "АКРАМИЯНЫН" МҮЧӨСҮ КАТАРЫ ШЕКТЕЛГЕНДЕРДИН СОТУ ЖҮРҮҮДӨ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Террордук аракеттерге даярданган жана Акрамия кыймылынын активдүү мүчөсү болгон деп шектелген төрт адамдын үстүнөн сот жараяны бүгүн (26-сентябрда) Ош шаардык сотунда башталды. Алардын арасында Өзбекстандагы "Акрамия" кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири саналган Акрам Юлдашевдин кызы Гүлмира Максүтова да бар. Айыпталып жаткандар өздөрүнүн күнөөсү жоктугун билдирүүдө.

Ушул жылдын август айынын башында Ош шаарындагы батир үйлөрдүн биринен кармалган төрт адамга Кыргызстандын Кылмыш-Жаза кодексинин 226-, 241-жана 350-беренелеринин негизинде террордук аракеттерге даярданган, курал-жарак сактаган жана жасалма паспортторду колдонгон деген айыптоолор коюлууда.

Тиешелүү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү угулгандан кийин мамлекеттик айыптоочу бир тууган Акрам, Акмал Мамадалиевдерге жыйырма жыл, ал эми өзбек атуулдары болгон Жамшит Кадыровго он жети жыл жана Гүлмира Максүтовага он алты жыл эркинен ажыратууну сурады.

- Максүдова Гүлмиранын атасы Өзбекстанда камалып жатат. Ал эми булардын жасаган кылмыштары да Өзбек Республикасы тарабынан аныкталган. Булар издөөдө жүргөн. Мен аларга эч нерсе деп айта албайм, анткени булар башка республиканын атуулдары. Ошондуктан ок-дарыларды, автоматты даярдагандыгы үчүн бардыгы 27-берене аркылуу 226-берененин экинчи бөлүгүнүн биринчи пунктуна ылайык айыпталышат, анткени адамдардын тобу тарабынан деген беренеге туура келет, - деди мамлекеттик айыптоочу Мамет Калматов.

Айыпталуучулардын жактоочусу Кубанычбек Жороев болсо тергөө амалдары мыйзамды одоно түрдө бузуу менен жүргүзүлгөндүгүн белгилөө менен жасалма документ колдонуудан башка айыптоолорду коюуга эч бир далилдер жок экендигин билдирди.

Анын сөзүнө караганда тиешелүү далил каражаттары жок туруп эле террордук аракеттерди даярдаган деген сыяктуу оор айыптар негизсиз тагылып калган:

- Доомат катары айыптоолор коюлуп атат деп биз 226-беренени айтышыбыз мүмкүн. Себеби тергөөдө бир да күбө, же далил жок. Булар Кыргыз мамлекетинин түзүлүшүнө, же бир жерди жардыруу, же мамлекеттин ишканасына иштөөгө каршылык көрсөткөн деген далил жок. Ошондуктан тергөө органдары жөн эле коюп койгон берене болуп эсептелет, - дейт айыпталуучулардын жактоочусу Кубанычбек Жороев.

Ал эми айыпталуучуларды коргоп жаткан үч жактоочу тең түрмөдө олтурган атасынын айынан эки жашар ымыркайы менен саясий куугунтукка алынган Гүлмира Максүтова Кыргызстанга келип баш калкалоого аргасыз болгондугун белгилешип, анын аракетинде да жасалма документ даярдап ооруканага баргандан башка айып жок экендигине токтолушту:

- Бул кыз 12 жашка толгондо атасы камалып кеткен. Ошондон бери атасын билбейт да, көрбөйт да. Бирок былтыр 12-13-майда Анжиян шаарында болгон окуядан кийин, "сен акрамийдин кызысың" деп буга куугунтук жасалгандыгына байланыштуу аргасыздан биздин Кыргыз мамлекетинин Ош шаарына келип жашап туруп калган, - деген оюн билдирди жактоочу Токтосун Касымбеков.

Тиешелүү күбөлөрдүн көрсөтмөсүн угуудан жана далил каражаттарды талап кылуудан соң, ишти карап жаткан судья Айбатиев өкүм ушул жылдын жыйырма сегизи күнү угузула тургандыгын белгилеп, соттук жыйынды жабык деп жарыялады.

Сүрөттө : 21 жашар Гүлмира Максүтова, Өзбекстандагы "Акрамия" кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири деп шектелген Акрам Юлдашевдин кызы.

XS
SM
MD
LG