Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

18:00 Ош облусунун Карасуу районунда бир өспүрүм кутурма оорусунан каза тапты


Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн Кенжекул айылынын 13 жашар тургунун белгисиз жолбун кутурган ит каап алып, андан кайтыш болгон. Санитарлардын айтымында, бул аталган айылдагы экинчи учур. Облустун башкы ветеринары Жамгырчы Бекитеев эки жаш өспүрүм тең кутурган иттин тиштеп алгандыгынан оору жугузуп алышып, экөөнө тең өз учурунда медициналык жардам көргөзүлбөй калгандыктан кайтыш болгондугун билдирди. Аталган аймакта 2 миңден ашуун итке вакцинация жасалып, күмөндүү деп эсептелген ээси жок миңге жакын ит атып жок кылынды. (KJ)

XS
SM
MD
LG