Америкалык аскери операциялар башталгандан бир жарым айдан соң “Талибан” режими кулап, өлкөнүн баш калаасы Кабулга “түндүк альянстын” кошуундары кирген. Президент Хамид Карзай беш жыл илгерки ошол окуяларды Ооганстанды куткаруу озуйпасы деп атап,азыр анын жаңы этабы башталганын белгиледи. Жаңы этапта коопсуздукту камсыз кылуу жоопкерчилиги толугу менен НАТОго жүктөлөт. Кечээ альянс бардык аскери операцияларга жетекчилик кылуу милдетин америкалык командачылыктан ырасмий түрдө өзүнө өткөрүп алды.
Буга чейин НАТОнун көзөмөлүнө Кабул, өлкөнүн түндүк, түштүк жана батыш аймактары кирген. Чыгыштагы провинциялар америкалык аскерлердин карамагында болчу. Эми алар да альянстын командалыгына берилди.
Бул окуяга арналган салтанатта сөз сүйлөп,Карзай соңку төрт жарым жылдын ичинде өлкөгө төрт жарым миллиондой качкындар кайтып келгенин, мектептер ачылып, конституция кабыл алынганын, президент жана парламент шайланганын, экономика жанданып, элдин турмушу акырындап оңолуп баратканын белгиледи.
Карзайдын бул ойлоруна “Азаттыктын” аналитиги Амин Тарзи да кошулду. Талиптердин режими кулагандан бери өлкөдө бир кыйла өзгөрүүлөр болгону ырас, дейт ал. Ошол эле учурда өлкөнү кайра тикелөө ишинде жаңы проблемалар пайда болду.Түштүктө талиптер кайра баш көтөрүп,активдеше баштады. Өлкөдө апийим соодасы, өкмөттүк мекемелерде коррупция кеңири жайылды, мунун баары экономикалык өнүгүүнү артка тартууда. Чет элдик аскерлер менен инвестициялардын келгени адегенде чоң үмүттөрдү жараткан эле, дейт Тарзи.
Талиптер кулагандан кийинки алгачкы жылдары башталган жылыштар азыр токтоп калды. Көпчүлүк карапайым калкты ушу тушта эки чоң проблема - өз башынын, үй бүлөсүнүн коопсуздугун кантип камсыз кылуу керек жана кара жанды канетип багуу керек деген маселе – катуу кынжылтып жатат.