Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

8:00 Өкмөттүк комиссия кыргыз-тажик чегиндеги абал менен таанышат


Тиешелүү министрликтердин өкүлдөрүнөн турган топ ушул жума ичинде Баткен облусуна барышы күтүлүүдө. Өкмөттүк комиссия Тажикстан менен чектеш аймактардагы элдин жашоо-шарты менен таанышмакчы. Жогорку Кеңештин Баткенден шайланган депутаттары менен кошо бул топ эки ортодогу талаш туудурган жерлерди да кыдырат. Бул сапар жергиликтүү калктын чек ара аймагына өзгөчө статус берүү жана көңүл буруу тууралуу өлкө бийлигине жасаган кайрылууларынын негизинде уюштурулуп жатканын «Азаттыкка» облустук акимчиликтен кабарлашты.(SM)

XS
SM
MD
LG