Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

18:00 Баткен : өзбек чек арачылары кыргыз атуулдарын автомат менен сабашты


Кыргыз-өзбек чек арасындагы инцидентти “Азаттыкка” Баткен облустук акимчилигинин бөлүм башчысы Таштемир Эшалиев билдирди. Анын айткан маалыматына караганда, Кыргызстандын үч тургуну автомашина менен Өзбекстандын Риштан району аркылуу баратып жолдон кыргыз кемпирин алышкан экен. Кадамжайга кире бериш жердеги Вуадил чегара бекетиндеги өзбек чегарачылары машинедеги кемпирдин паспортунда Өзбекстанга кирди делген штамптын жоктугу үчүн 2000 сум айып акча сураган. Натыйжада, өзбек чегарачылары менен кыргыз атуулдарынын ортосунда чыр чыгып, чегарачылар жолоочуларды автомат менен урганга чейин барган. Токмок жегендердин арасында жаш келин да бар. (SA)

XS
SM
MD
LG