Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

17:20 Ысыккөлдөгү “Жарандык коом коррупцияга каршы” уюму Жогорку Кеңеш менен өкмөткө сунуш жолдоду


КАРАКОЛ. Чолпоната шаарындагы “Коррупцияга каршы күрөшүү” жарандык коому Конституциялык долбоор боюнча элдин пикирин иликтөөдө өлүм жазасын алып салуу жана сотторду узак мөөнөткө шайланышына каршы экендиктерин аныктады. Жарандык коомдун ысыккөлдөгү жетекчиси Жылдыз Осмонканова учурда ар бир райондо бул боюнча кол чогултуу жүрүп жаткандыгын маалымдады. Анын ырастоосу боюнча бул акция бир айга созулуп, декабрь айында республикалык деңгээлде тегерек үстөл уюштурулат. Ал эми өлүм жазасын алып салуу жана сот системасын толук реформалоо боюнча Конституциялык долбоорго сунуштарын Жогорку Кеңеш менен өкмөткө жолдошту.(RN)

XS
SM
MD
LG