Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

11:00 Караколдо жергиликтүү бийлик оппозицияга каршы митинг өткөрүп жатат


Мамлекеттик университеттин жанында өтүп жаткан бул митингке аталган окуу жайдын алты жүзгө чукул студенттери, Түп, Жетиөгүз, Аксуу райондорунан жана Каракол шаарынан бийлик алып келген жүзгө чукул адам катышууда. Бул тууралуу “Демократия үчүн жарандык коом” коалициясынан Жыргалбек Турдукожоев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, митингде сүйлөп аткандар 2-ноябрда каршылык акциясын өткөрүүгө камынып аткан Жогорку Кеңештеги беш-алты депутатты элдин тынчтыгына доо кетирет деп айыпташууда.

XS
SM
MD
LG