Тегеран. Иран уранды байытуу иштерин жүргүзүп жатат. Мындай маалыматты бүгүн Ирандын расмий өкүлү ырастады. Ирандын өзөктүк кубат боюнча уюмунун башчысы Мухаммед Ганнаддын айтымында, Иран уранды үчтөн беш пайызга чейин байытты. Бул - өзөктүк отун өндүрүүгө жетиштүү, бирок өзөктүк курал жасоо үчүн жетишсиз, деди Ганна. БУУнун коопсуздук кеңеши эгерде алар уранды байытуу иштерин токтотпосо, анда Тегеранга каршы чектөөлөр киргизилээрин билдирген.