Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

АДАХАН МАДУМАРОВ : КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА БИЙЛИК ҮЧҮН КҮРӨШТҮН БИР АМАЛЫ


(3-ноябрда парламент жыйынында сүйлөгөн сөзү)

-Урматтуу депутаттар! Азыр өкмөт башчысы Феликс Шаршенбаевич Кулов кыскача маалымат берип кетти. Биздин колубузда ал документтердин бүт бардыгы толугу менен бар. Буюрса эгер депутаттар кааласа, мүмкүнчүлүгү болсо бул жерден дагы угузуп коюууга толук мүмкүнчулүк бар. Биз башынан бери айтып келе жатабыз, Конституциялык реформа бул жөнөкөй гана бийлик учүн күрөш болгондун бир амалы. Конституциялык реформа «Реформа кыймылынын» таптакыр аягына койгон максаты ал эмес. Анын максаты президентти, премьер-министрди отставка кетирүү же болбосо Кыргыз республикасындагы өтө чоң чуулгандуу бир окуяларды баштоо. Негизги максаты ушул. Себеби бул жердеги айтылып жаткандагы сөздөрүнө караганда, "англис тилдүү, орус тилдүү биздин башка мамлекеттер дагы толугу менен даяр. Биз ишти башташыбыз керек. Бул жерде конкреттүү түрдө программалар кабыл алынып жатат. Таласты саат канчада басып алышыбыз керек, Кочкорду канчада, Балыкчыны кандай басып алышыбыз керек."

Бул жерде өтө көп суммадагы акча жөнүндө кеп болуп жатат. Ошондуктан урматтуу депутаттар, бул жерде реформа үчүн кыймылынын өкүлдөрүнүн бирөөсү да катышпай отургандыгы өзүңүздөргө ачыктан ачык белгилүү болду. Мен айтып коюшум керек. Кечээ президенттин алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун, мен ал мырзаны сыйлайм. Бул киши да айтып жатпайбы «бийлик кээ бир учурда өзүнүн дүлөйлүгүн көрсөтүп коюп жатат же болбосо кандайдыр бир деңгээлде тийиштүү талап койгон чараларга көңүл бурбай коюп жатат» дейт. Бул туура. Феликс Шаршенбаевич кечээ телевизордон абдан туура айтты. «Мага арзан кандайдыр бир популизмдин кажети жок бүгүнкү күндө» деди. Бүгүнкү күндө мамлекеттик системада, кайсы формада башкаруу чынын айтыңыздар, баарыңыздар ошол элдин өкүлдөрү катарында келдиңиздер, аларга бары бир. Аларды кызыктырып жаткан тракторлордун маселеси, күйүүчү майлардын маселеси жана өндүргөн продукциясын кайда сатуу деген маселе. Бул жерде ачык айтып жатышат. Кечээки жыйында. Биз эртең сессияга барбайбыз дейт, себеби кечээ президент чыгып сүйлөдү мына ошол сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргызстандын бүт элине абдан ишенимдүү сүйлөдү. Дагы бир эки-үч күн кечиктире турган болсок алардын ичиндеги, көкүрөгүндөгү маселелердин баары сууп калат. Мына кимдин канча кошумча кошту, кайдан келди, ал жардамдардын баардыгы урматтуу депутаттар бар. Азыр ушул жерден таркатылып жана угузулуп да берилет. Муну өкмөттүн мүчөлөрүнүн бардыгы таанышып, үлгүргөн жок. Президенттик администрация дагы таанышып, үлгүргөн жок. Тарыхый күн деп айтып жатышат ошол азаматтар. Чындыгында тарыхый күн, себеби бүгүн кимдин жүзү кандай экендиги, кимдин көкүрөгүндө кандай максаттарды ээлеп тургандыгы, мына ошол эл үчүн реформа, элдин жашоосу үчүн деп кыйкырып жаткан азаматтардын нукура жүздөрүнүн бетине кармалган бүгүнкү шырмалардын баары ачыла турган күн. Эгер бул жерде отурган кечээ кайра кайра айтып жатышат. Биз эки саат ичинде алып коебуз десе уруксат берген жок деп. Мына отуз төрт депутат өзүңүздөрдүн пикириңиздерди билдирдиңиздер.

Мен айтып жатпаймынбы кыйра-кайра жарга такагандан эч кандай бир майнап чыкпайт. Эгерде туура көрсөңүздөр урматтуу депутаттар, мына ушул маселени толугу менен мүмкүн тийиштүү чаралар депутат катарында, ушул парламенттин төрагасы катарында Марат Абдыразакович дагы, биздин республикадагы башка тийиштүү органдар өзүлөрүнүн жыйынтыгын чыгарыш керек. Бир аздан кийин мына ушул маселе боюнча бул дагы элибиздин көкүрөгүнө сиңип калган психология бар. Кыргыз мамлекети азыр ушундай коомдо жашап жатабыз, өткөндө президент айткандай «жалганды айтсаң аябай сонун ишенет, чындыкты айтсаң кантип эле ушундай болуп калсын» деген позицияда калып калат. Өзүңүздөр баа бересиздер, аябай тажрыйбалуу, бүткүл элдин элегинен өтүп келген азаматтар отурасыздар, өзүңүздөр баа бересиздер го деген терең ишенимдемин.

XS
SM
MD
LG