Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:37

ТАЖИКСТАНДАГЫ ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ СЫНГА АЛЫНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 6-ноябрда Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо өткөрүлдү жана анда президент Эмомали Рахмонов жеңип чыкты. Сырттан келген байкоочулар бул жыйынтык тууралуу ар башка пикирде.

Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин атынан келген байкоочуларды Шериктештиктин аткаруучу катчысы Владимир Рушайло жетектеди жана анын айтымында, Тажикстандагы шайлоо ачык жана эркин өттү. Айрым кемчиликтер болгону менен, алар жалпы жыйынтыкка эч таасир тийгизе алган жок.

Ал эми Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Парламенттик ассамблеясынын атынан келген байкоочулардын жетекчиси Киммо Килюнендин айтымында, шайлоо учурунда орчундуу атаандаштык болгон жок, ошондуктан демократиялык реформаларды өткөрүүдө Тажикстан өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди кантип аткарганын текшерүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлбөдү.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму шайлоого 170 байкоочу жиберген, алардын координатору Онно ван дер Винд дагы шайлоону сынга алды: "1999-жылдагы президенттик шайлоо менен салыштырганда, азыркы шайлоодо алдыга жылыш байкалганы менен, анын жалпы уюштурулушу чыныгы демократиялык шайлоонун эрежелерине төп келген жок жана Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун ишине катышкан мамлекет катары Тажикстан өз милдеттенмелерин аткара албады", - деди ван дер Винд.

Өлкөдө бардыгы болуп 3 миллион 400 миң шайлоочу катталган, алдын ала чыккан жыйынтыктарга караганда, алардын 91 пайызы добуш берүүгө катышты. Шайлоо түйүндөрүнө келгендердин 76 пайызынан ашыгы президент Эмомали Рахмонов үчүн добуш берди.

Оппозиция өкүлдөрү шайлоону бойкоттоп, шайлоо өнөктүгүнө да катышкан эмес, анткени анын адилет эмес болоору башынан эле белгилүү болгон деп билдирген. Бирок Рахмоновко төрт атаандаш чыкты. Экономикалык реформалар партиясынын жетекчиси Олимжон Бобоевге 7 пайыз добуш берилди, компартиянын Борбордук комитетинин катчысы Исмоил Талбаков алты пайыз добуш чогултту, Агрардык партиянын төрагасы Амир Каракулов жана Социалисттик партиянын лидери Абдухалим Гафаров алты жана үч пайыз добуш алышты.

54 жаштагы Рахмонов Тажикстанды 14 жылдан бери башкарууда - 1992-жылы ал Жогорку кеңештин төрагалыгына келген. 1994-жылы Рахмонов алгачкы жолу президент болуп беш жылга шайланган, 1999-жылы болсо конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин ал кайрадан жети жылга шайланган. 2003-жылы болсо Тажикстанда атайын референдум өткөрүлүп, Рахмонов дагы эки жолу президент болуп шайланууга укук алды, ошондуктан эми ал 2013-жылы өткөрүлө турган шайлоого да катыша алат жана анда да жеңип чыкса, 2020-жылга чейин президент болуп отурушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG