Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

РОЗА ОТУНБАЕВА: АНТИМИТИНГДЕ ДУХ, АРГУМЕНТ, ИДЕЯ ЖОК


«Реформа үчүн» кыймылынын лидерлеринин бири, «Асаба» партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаева соңку саясий кырдаал жана окуялар боюнча «Азаттык» менен ой пикир бөлүштү.

- Парламентте бүгүн күтүлүп жаткан окуялар сиздердин штабдын иш пландарына түзөтүүлөрдү киргизип жатса керек. Соңку чечимдерден коомчулукка эмнелерди айта аласыз?

- Биз бүгүн толкунданып турабыз. Эртең мененки сессиясында Жогорку Кеңеш жаңы Конституциянын текстин карап баштаса, биз ошону көрүп, карап отурабыз. Бүгүн аянтка миң-миңдеген адамдар келишет. Бизди колдоочулар абдан көп. Мына биз кечээ көрдүк, антимитинг деп уюштурушту, дух, аргумент, идея жок. 200 кишини чогултуп алып ошол жерде өкүрүп атышты. Бизде болсо миңдеген адамдар жаңы Конституция өтсүн деп турабыз. Биздин пландарыбыз ошол. Биз баягы эле былтыркы 2005-жылкы революциянын талаптары ишке аткарылсын деп ушул жерде турабыз. Ошол Конституция өтсө, бийлик деле ордунда турсун, Бакиев деле 2010-жылга чейин отурсун, бирок биз чыккан, биз ошого күчүбүздү, башыбызды сайган реформалар болсун деген миңдеген жөнөкөй эл ушул жерде турат.

Мен кечээ ооруканаларды кыдырып келдим. Резина октор менен атылган балдарды көрүп келдим. Ошол окту буттарына атыптыр. Ошол балдарды уксам жүрөгүм ооруду, алар айтып атат, биз барабыз, турабыз дейт. Мен айттым, эч жака барбагыла деп. Жаштар бизге ошол конституция керек дейт. Мен түштүктөгү элге кайрылат элем, биз менен жүргөн Бекен деген аксакал, Сүйүмкан деген келинди, биз ошон үчүн 2005-жылы турбадык беле, бир жарым жыл өттү, эмне себептен ошого биз азыр туруп бербейбиз. Биз ошону бул аянтта күтүп атабыз. Бийлик ордунда тура берсин, бирок Конституция парламенттен бүгүн өтсүн. Азыр парламенттик топ тиги жана бул тараптан бир сөзгө келишти. Биз төрт көзүбүз менен карап турабыз.

- Роза айым, сиз айтып аткан экинчи топко бүгүн дагы 200дөй адам кошулду деп азыр кабарлашты. Кандай болгон күндө дагы кокус күтүлүп жаткандай жаңы Конституция кабыл алынып калса эки тарап элдешип, майрамдык маанайда тараш керек го?

- Мен ойлойм, сөзсүз, биз бир элбиз да. Биз эмнени бөлө албай атабыз. Биз бул өлкө алдыга жылып кетсин деп атабыз. Биз Бакиевден эмнени талап кылып атабыз? Өзү миң жолу айткан, он указга кол койгон реформаны эле талап кылып атабыз. Ушул жаңы Конституция болсун деп атабыз. Мына бир жарым жыл өтүп кетти, ана чыгарам, мына чыгарам деп шылтоо көп айтат. Эмнеге муну эзишет. Чыгарсын. Биз бир жума турабызбы ушул жерде, бир жуманын ичинде. Акыркы жылдары да Акаев да тигинтем-минтем деген, бир килейген чоң ташты ордунан жылдырганга көбүрөк элдин күчү керек эле. Ошолордун талабы үйдө отуруп алып чайын ичип, азаматтар, бакуштар деп аткан канча Бишкекте интеллегенция бар. Мен билген апам, атамдын достору, алардын балдары силерге керекпи, бизге керекпи, биздин балдарыбызга керек ушул Конституция деп атышат. Бул өтмө замандын Конституцясы болсо да ушул Конституция бизге керек болуп атат.

- Cиздердин башка талаптар да бар эле, КТРди коомдук телеканалга айлантуу жөнүндө. Эгер жаңы Конституция кабыл алынса ушуга окшогон башка талаптар деле өзүнөн өзү эле чечилеби?

- Өзүнүздөр билесиздер кечээ комиссия чечти. Мисалы, СНБ ар бирибиздин аркабыздан жүрөт. Билбейм, менин үйүмдө баягы эле Акаев тарткан доллар турат, телефондорубуз тыңшалат, аркабыздан жүрүшөт. СНБ элге кызмат жасай турган ишти жасабайбы, ууруларды, паракорлорду кармабайбы. Эмне кылат Отунбаеванын аркасынан жүрүп. Азыр өкмөттүн карамагына өтүп атат. Ушундай бир топ маселелер, бир топ суроолор өзү менен өзү чечилип атпайбы. Ошол эле акча топтой турган тармактар, ошонун бары өкмөттүн курамына кирип кетет. Мен ойлойм, Конституция ишке ашырылса, абдан көп маселе чечилет эле.

XS
SM
MD
LG