Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

ОРУСИЯ ИРАН МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА АЛТЫ ТАРАПТУУ СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮ КАЙРА БАШТООГО ЧАКЫРУУДА


Төрөкул Дооров, Москва Орусия «Иран менен Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсү жана Германия ортосундагы сүйлөшүүлөр кайра башталышы керек» деп эсептейт. Өлкөнүн бул позициясын анын Тышкы иштер министри Сергей Лавров 11-ноябрда Москвада орус президенти менен Ирандын өзөктүк программасы боюнча негизги арачысы Али Ларижанинин сүйлөшүүлөрүнөн кийин жарыялады. Анын аралыгында, Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мохаммад Али Хосеини жекшембиде билдиргендей, Иран уран байытуу үчүн 2007-жылдын март айына карата үч миң центрифуганы орнотот.

Орусия билдиргендей, Ирандын позициясында эч кандай чукул өзгөрүүлөр болбогону менен, расмий Тегеран кайра сүйлөшүүлөргө кайтууну каалашы мүмкүн.

Ирандын Улуттук Коопсуздук кеңешинин катчысы жана өзөктүк иштер боюнча башкы өкүлү Али Ларижани ишембиде Москвада болуп, президент Владимир Путин жана Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүп кайтты.

«Интерфакс» маалымат агенттигинин кабарына караганда, Ларижани менен Лавровдун сүйлөшүүлөрү беш саатка созулуптур. Талкуунун соңунда Лавров журналисттерге мындай деген.

- Биздин байланыш дагы өнүгөт деген келишимге жетиштик. Албетте, биз жалпы максатыбызга, алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого, жетүү үчүн бүт аракетибизди жумшайбыз. Жакынкы күндөрү биз алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары менен байланышты кайра жаңыртабыз. Алар сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого негиз боло турган идеяларын Иранга сунушташкан. Иран бул сунуштарга жооп берди, - деди Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Анын аралыгында, Тегеранда өлкөнүн тышкы иштер министри Манучер Моттаки Иран уран байытуу ишин Орусияда өткөрүү боюнча сунушту кароого даяр экенин, бирок өзүндө да бул ишти токтотпой турганын айтты.

- Иран өз жеринде өзөктүк технологияга болгон укугун сактап калганга аракет кылып жатат, бирок бул башка жактарда боло турган биргелешкен иштерге каршы келбейт, - деди Манучер Моттаки.

Анын айтымында, Иран өзүнүн оор суу менен иштеген реакторлору жана башка аракеттеринде Атомдук кубатуулук боюнча эларалык агенттиктин, Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимдин чегинен чыккан эч кандай аракеттерге барбайт.

Жекшембиде Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешин «Иранга каршы санкцияларды жарыялоого аракет кылып жатат» деп сындады. Ахмединежаддын айтымында, Улуттар уюму Ирандын өзөктүк программасынын артына түшүп туруп алганы кош стандарттуу аракетинен кабар берет. Анткени «бул учурда айрым мамлекеттер атомдук бомба менен куралданып алып, башка өлкөлөрдүн жайчылык максаттарда өзөктүк отунду жасоого болгон укуктарын тепсеп жатышат» деп айтты ирандык президент.

Алты негизги тарап 13-ноябрда жолугушуп, Иранды кандай жазага тартууну макулдашабыз деп сүйлөшүшкөн.

Иран өзүнүн өзөктүк программасынан баш тартуу боюнча эларалык коомчулуктун талабын четке кагууда. Улуттар уюму Тегеранга каршы көрүлө турган чараларды талкуулап жатат.

Буга чейин Иранга каршы жарыялана турган санкциялардын долбоорун Орусия менен Кытай «өтө эле оор» деп, ага каршы чыгышкан эле.

Төрөкул Дооров, Москва

 

XS
SM
MD
LG